Акыркы кабарлар
» Саясат » Ташиевдин унчукпаганы – саясаттан кеткениби, же убактылуу тактикалык жүрүшпү?
Ташиевдин унчукпаганы – саясаттан кеткениби, же убактылуу тактикалык жүрүшпү?
17-февраль, 22:13


Өлкөдөн чыгып кеткен Камчыбек Ташиевдин бүдөмүк позициясы ар кандай жоромолдорго “жем” таштоодо. Командасындагы бир катар жетекчилер кызматтарынан кол жуушту, көпчүлүгү камакка алынышты. Мындай тазалоо иштери дагы уланса керек. Көшөгө артында коомчулукка белгисиз көп иштер бар окшойт. Ташиевдин унчукпай баса бергени – анын саясаттан кеткенин билдиреби, же убактылуу тактикалык жүрүшпү? Акчасы арбын, электораты бар фигуранын бүгүнкүдөй абалы чыны менен таңгалдырууда. Өзүнө моралдык жактан сокку урулуп, жакындарын коргой албай калдыбы? Эл арасында ар кандай талкуулар уланууда... Ташиев мындан ары эмне кылышы мүмкүн? Унчукпай президенттик шайлоону күтөбү? Түйүндүү суроолор түтөп турат...











