Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кеңешбек Айтикеев, серепчи: “Чимкирик” дешсе да уялышпай өздөрүн элита сезип жүрүшпөйбү...”

Кеңешбек Айтикеев, серепчи: “Чимкирик” дешсе да уялышпай өздөрүн элита сезип жүрүшпөйбү...”

27-октябрь, 12:12
676 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-Кеңешбек агай, эмнеге эрте тургандын баары эле депутат болгусу келип калды? Депутат болуш үчүн дээр, деңгээл деген керек эмеспи?

-- Анын себеби, чөнтөгүнө төрт тыйын топтогондор өздөрүн акылдуу, элдин элитасы сезип, депутаттыкка, бийликке умтулушат. Ооба, депутат болуш үчүн дээр, деңгээл керек, бирок алардын деңгээлдерин Жогорку Кеңештин өткөн чакырылыштагы депутаттары көрсөтпөдүбү. Эмне деген аттарга конушту, “чимкирик” дешсе да уялышпай эл алдына чыгып, өздөрүн элита сезип жүрүшпөйбү. 

-- Депутаттык кызмат элге кызмат кылуубу же кадырын көтөрүп, каада күтүүбү?

-- Депутаттык кызмат – элге кызмат кылуу, бирок алар элге эмес өздөрүнүн бизнесин, жашоосун жакшыртуу үчүн кызмат кылышып, элге көптөгөн убадаларды беришип, кооз сүйлөп, элди алдап жүрүшкөнүн баары эле билишет.  Депутаттардын элге жасаган кызматын алардын жашоо турмушунан байкаса болот. Негизинен депутаттар “өлкөдөгү кадырлуу адамдарбыз” деп каада күтүп жүрүшөт.

-Парламентке күчтүү депутаттар болуш үчүн эл депутаттарды кайсы критерийдин негизинде тандашы керек?

-Өлкөдө күчтүү депутаттар болуш үчүн эл тууган-урук, жоро-жолдош, тааныш, акча менен эмес, чыныгы кесипкөй, билимдүү, тажрыйбалуу, мекенчил адамдарды шайлаганда гана коомдо ынтымак, биримдик, өнүгүү, өсүү болот.

-Эмнеге бир жолу мандаттын даамын татып алган адам карыса да ошол кызматты эңсей берет, же каражаты бар адамдын баары эле мандатка жулуна берет?

-- Ооба, депутаттар өлкөнүн эрке баласындай бийликтин бардык бутактарына кийлигишип, өздөрүнүн кызыкчылыктарын коргошот, өлкөгө келген арзан, бекер каражаттардан тууган-уругуна алып берип, байлыкка туйтунушат. Байлыкка туйтунган депутаттар ошол байлыктан айрылгысы келбей, кайрадан мандатка умтулушат. Байлык, бийлик деген ушундай, бир жолу бийликтин даамын таткан адам андан айрылгысы келбей калат. Ошондуктан мандатка жулуна беришет.   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер