Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Балбак Түлөбаев, ЖК депутаты: “Оң рулдуу унааларды 500 доллардан төлөтүп, каттоодон өткөрүү керек”

Балбак Түлөбаев, ЖК депутаты: “Оң рулдуу унааларды 500 доллардан төлөтүп, каттоодон өткөрүү керек”

06-апрель, 19:48
522 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
-- Балбак Зарлыкович, сиз социалдык түйүндөр аркылуу Армениядан алып келинген оң рулдуу автоунааларды каттоого уруксат берүүнү сунуштадыңыз. Андан биздин утаарыбыз эмне?
-- Ачык булактардан алынган маалымат боюнча, биздеги оң рулдуу унаалардын саны 200 миңдей экен. Ошолорду 500 долпардан төлөтүп, каттоодон өткөзсөк эле 100 миллион доллар түшүп атпайбы. Ал жүз миллион долларды экономиканын аксап аткан тармактарына коротуш керек. Мисалы, энергетикага, кредиттерге, ипотекага. Көчөдө жаткан акчаны жөнгө салыш керек да. Бирок, бул ишти бир эле жолу жасап, ошол замат кайра тыюу салыш керек. Таксиге, эл ташууга уруксат бербөө зарыл.
-- Акча табыш үчүн тыюулардын баарын буза берсек болобу анда?
-- Мындай да, азыр 200 миң унаа Бишкекте, Кыргызстанда жүрөт. Аларды “сыртка чыгырып кет, же жогот” деп айта албайсың. Просто экономиканын кызыкчылыгы үчүн мыйзамдаштырып берип коюш керек.
-- Майдан тарта электр энергиясы кымбаттаганы жатат. Бул сиздин оюңузча элдин маанайына кандай таасир этет?
-- Инфляцияга жараша 11 тыйынга деп атышат. 11 тыйын өтө деле көп эмес. Бул эл үчүн жеңил эле болот деп ойлойм. Эл бир сом деп ойлоп алыптыр. А чынында 11 эле тыйын экен...
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер