Апам менен аялым уруша кетип, үч күн үйдөн чыкпай арак ичтим

Айзада менен “Одноклассники” социалдык баракчасынан таанышкам. Бир айдай жазышып жүрүп жолуктук. Бою кичирээк эле болбосо, сүрөттөгүдөй сулуу экен. “Шашкан жоксуңбу? Мурунку сүйлөшкөн кызың жакшы эле го? Мейли, өзүң билесиң да, кийин өкүнбөсөң болду” дегендерге карабай, үч айдан кийин үйлөнүп алдым. Мындай абалга учурап каларымды кайдан билдим?
Бир ай айылда жүрүп, шаарга келдик. Жумушка кеткенимде жалгыз болбосун деп жаныбызга жээнимди чакыртып алдым. Жээним иштечү, эртең менен кетип, түштө келчү. Он күн өтпөй эле келинчегим аны жамандай баштады. Карындашымды урушуп койдум. Таарындыбы билбейм, жумушуна шылтоолоп үйдөн кетип калды.
Убакыт өтүп, кыздуу болдук. Ал ортодо келинчегим эки абысыны менен урушканга жетишти. “Кызды апама берип, иштейм” деди, макул болдум, бирок иш тапкан жок. Кечинде чарчап келсем тамак даяр эмес, үй чачык. “Кечке үйдө жатып эмне кылдың?” десем, “бөйрөгүм ооруп жатат” дейт. Ооруканага көрсөттүм, дарыланып чыкты. Бирок, баягы көрүнүш өзгөргөн жок. Жумуштан келгенде эптеп чайымды ичем да уктайм. Тээ мурунку кыздардын сүрөтүнө баскан лайктарды чукуп таап, керээли-кечке эмне кылганымды сурап, таң атканча мээмди жейт.
Бир күнү үйгө бир тууган эжем келди. Босогодон аттап эле “Айзада, кайсы бетиң менен мени ушактайсың?! Уялбайсыңбы! Мен сага эмне жамандык кылдым?” деп урушту. Кимисине жан тартарымды билбей, “токтоткула, эже, чыгып кетиңиз” дедим. Ошондон кийин туугандарымдан алыстадым. “Ал катынынын сөзүн сүйлөйт. Кызын болсо кайненесине берип коюптур. Айылдагы тойго дагы келген жок, аялы жибербей койгон го” деген сөздөр айтыла баштады.
Апамдан кечирим сурайын деп Айзаданы ээрчитип айылга келдим. Анча-мынча туугандар топтолуп, чай ичтик. Жолго чыгалы дегенде апам менен келинчегим урушуп кетишти. Себебин билбейм, бирок ошондо аялымдын чыныгы жүзүн көргөндөй болдум. Улуу жеңемдин “токтот” дегенине болбой, апама каяша айтып жатты. Жанына барып, жаактан ары чаап жибердим.
Шаарга жеткенче сүйлөшкөн жокпуз. Вокзалдан түшөрү менен таксиге отуруп, төркүнүнө кетип калды. Үч күн үйдөн чыкпай арак ичтим. Эжелерим, байкелерим чалып, нааразычылыктарын айтып жатышты. Мүмкүн алардыкы туура, чындап эле аялыма баш ийип калгандырмын...
Бегаалы
"Азия Ньюс" гезити