Акыркы кабарлар
» Саясат » ИИМдин үлкөндөрү Аширходжаев менен Жумабаев “кекиртектеринин айынан” Талипованы жакташканбы?
ИИМдин үлкөндөрү Аширходжаев менен Жумабаев “кекиртектеринин айынан” Талипованы жакташканбы?
07-июль, 16:17
1 565 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Соңку убакта Улан Аалиев камактан ооруканага которулганы кабарланды. Ал Октябрь РИИБни жетектеп турганда, алдамчы Асыл Талиповага кылмыш иштерин козгоп, элдин мүдөөсү, мыйзамдуулук үчүн күрөшүүгө киришип, бирок өзү садага чабылып кеткен. Түрмөгө камалып. Суроо туулат: ИИМдин үлкөн чиновниктери Аширходжаев менен Жумабаев “кекиртектеринин айынан” алдамчы Асыл Талипованы жакташып, жең ичинен туйтунушуп, Улан Аалиевге жалаа жаптыруу таризинде каматышканбы? Миллиондор ойногонбу? Бул боюнча көмүскөдө көп кызыктар кайнап атат. ИИМ чындыкка жетүү үчүн Аширходжаев менен Жумабаевдин үстүнөн тыкыр иликтөөгө алып, фактылардын негизинде тергөө башталса, “карышкырга кой кайтарткан замана” ачыкталабы? Качанкыга чейин акыйкат тебеленет? Түшүнүксүз...
Бөлүшүү:
"Азия Ньюс" гезити