Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Азамат Кенжебаев: “Путин бекемдиги менен Россиядагы төңкөрүштөрдү ишке ашырган жок”

Азамат Кенжебаев: “Путин бекемдиги менен Россиядагы төңкөрүштөрдү ишке ашырган жок”

26-апрель, 19:30
454 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Дүйнө кылкылдап кылдын учунда тургандай. Орус–украин тиреши көңүл чордондо болууда. Жакынкы күндөрү бул тиреште жеңип-жеңилүү, же бир пикирге келүү, өзгөрүү болобу? 

-- Россия менен Украина согушун бир аймактык конфликт катары же эки өлкө ортосундагы келишпестик мамилелердей карабаш керек. Муну чоң масштабдуу, глобалдык мааниге ээ карама-каршылык катары кароого болот. Анткени азыр Украинанын аймагында Россия менен Америка башында турган Батыш цивилизациясынын күчтөрүнүн ортосундагы чоң согуш болуп жатат. Балким, көп адамдар мени менен макул эместир, бирок азыркы убакта Украинанын аймагында үчүнчү дүйнөлүк согуш уланууда. Көптөгөн мамлекеттер бул процесске тартылды. Бүткүл дүйнө жүзүнөн Украинага курул-жарактар агылып кирип, курал-жарак эле эмес ошол эле Американын, Европанын башка өлкөлөрүнүн аскердик күчтөрү Россияга каршы күрөшүп жатат. Кандай гана согуш болбосун жөн жерден чыкпайт. Абдан чоң талаштардын, керектөөлөрдүн, стратегиялык муктаждыктардын эсебинен жаралууда. Эң биринчи кезекте бул жерде ресурстук кызыкчылыктар бар. Себеби Украинанын аймагы абдан чоң. Андан сырткары, Украина эгин өстүрүүгө эң ыңгайлуу мамлекет. Европадагы кара топурактуу эң чоң өлкө болуп эсептелет. Бул өлкөдө көмүрдүн кендери да абдан көп. Украинанын аймагында нефть, газ, ошондой эле сейрек кездешүүчү металлдардын запастары арбын. Башкача айтканда, Украина баардык ресурска бай мамлекет. Ошондуктан бул ресурска ээ болуу үчүн дагы баардык тараптардан кызыкчылыктар жаралып жатат.

Андан сырткары, кийинки убакта Кара деңиздин жээги, Донбасс тарапта жана Днепр дарыясынын сол жээги тарабынан сланстык нефть корлору табылды. Мунун баары дүйнөлүк ири державалардын бул мамлекетке болгон кызыкчылыгынын артышына жол ачты, б.а. көз артуу саясаты жүрө баштады. Ушул ресурстук талаш согуштун келип чыгышынын негизи болуп эсептелет. Баардык согушта тараптар кандайдыр бир байлыктарга ээ болуп калууну көздөшөт. Жакынкы Чыгыштагы, Ирактагы, Сириядагы, Ливиядагы согуштар мунун далили. Себеби, нефть, газ корлоруна ээ болуу үчүн ошол жерлердеги демократиялык баалуулуктарды жайылтуу ж.б. себептер менен ошол баалуу ресурстарга ээ болуп калуу аракетинде ал тарапта согуш оту тутанды. Ал эми бул жерде Россия дагы сөзсүз өз кызыкчылыгын арттырды. Ал жерлер союз ураганга чейин Россиянын аймагы болуп эсептелип келген. Бирок Украина мамлекетин курганда анын айрым бир облустагы бөлүктөрү Украинанын курамына кирип кеткен. Болбосо ал Россиянын жерлери болчу. Жашаган калкынын көпчүлүгү орус улутундагылар эле. Булардын “биздин тарыхый жерлерибиз, ата-бабабыздан калган мурасыбыз” деген ичкүптүлөрү, улуттук державалык ой жүгүртүүсүнөн келип чыккан талаптары дагы ошол жакка бурулуп калды. 

Экинчиден, бул жерде цивилизациялык карама-каршылыктар да абдан күчтүү. Себеби, баарыбызга белгилүү болгондой, азыркы Батыштын идеологиясы реакциячыл, либералдык идеология, башкача айтканда, өздөрүнүн саясатын, көз карашын бүткүл дүйнөгө таңуулап, ошого баш ийдирүү саясатын жүргүзүп жатышат. Айрыкча Американын демократиялуу партиясы башында турган, ошонун идеологиясын тутунган адамдар. 

-- Ошондо Батыштын Россияга кандай кызыкчылыгы бар?

-- Буга чейин бейөкмөт уюмдар менен Навальныйды көтөрүүгө көп аракет кылышты. Немцовду колдоп, ошолордун коомчулугун шыкактап бир нече жолу төңкөрүш жасоо аракеттерин дагы көрүштү. Бирок Путиндин бекемдиги менен ал пландар ишке ашпай калды. Бир нерсени биз так белгилеп айтып коюшубуз керек,  Россиянын ресурстук күчү – Америка менен Европаныкына салыштырганда 10-15 эсеге чоң. Мына, алдыда ири дүйнөлүк кырсыктар, азык жетишсиздиги күтүлүп жатканы айтылууда. Ошол тарапка карата саясат жүргүзүлүп жатат. Ал теориянын мазмуну боюнча дүйнөнүн түштүк тараптарында кургакчылык болуп, эгин өспөй, айыл чарбасынын кыйроосу күтүлөрү каңкууланууда. Мындай абал курчуй берсе, түндүк тарап, айрыкча Сибирь айыл чарбаны өнүктүрүүгө эң ыңгайлуу жерге айланат. 

АКШынын мурдагы маамлекеттик катчысы Мадлен Олбрайт “Сибирь сыяктуу эң бай аймак бир мамлекетке таандык болуп турганда, дүйнөлүк акыйкаттык тууралуу сөз кылууга мүмкүн эмес” дейт. Башкача айтканда, дүйнөдөгү эң бай аймак бир эле мамлекетке таандык болбой, башкаларга дагы таандык болуш керек (!) дегени. Андан кийин Кондализа Райз деген айым “Сибирь өтө бай аймак, ошондуктан бир өлкө тарабынан башкарууга болбойт. Ал башка элдерге да тийешелүү болушу керек” деп жатат. Эми ушунун баарын угуп, Россия да жөн калмак беле? Ал дагы өзүнүн каршы чараларын көрүүгө мажбур болду да. 


(Уландысы кийинки санда)

Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер