Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Марс Сариев: “Бейөкмөт уюмдарды тыкыр көзөмөлдөө туура болот”

Марс Сариев: “Бейөкмөт уюмдарды тыкыр көзөмөлдөө туура болот”

22-июль, 19:46
1 888 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Талибдер Кыргызстанга кандай жолдор менен коркунуч жаратышы мүмкүн?

-- Талибдер Афганистанда борбордоштурулган мамлекет курууга кызыкдар. Талибдердин тарыхына кайрылсак, алар башка өлкөлөргө кол салып көргөн эмес жана Афганистандын территориясынан чыккан эмес. Бирок, бул жерде башка бир коркунучтар бар. Афганистанда талибандарга баш ийбеген Чыгыш Түркестандын ислам кыймылы, Альаида өңдүү топтор бар. Эгер талибдер күчтөнсө, бул топтордун баары ал жерден чыгып кете баштайт. Ошентип алар Борбор Азия мамлекеттерин көздөй багыт алышат. Алар келе баштаса, анда биздин өлкөнүн ичиндеги ушул сыяктуу топторго мүчө болуп жүргөндөр баш көтөрө башташат. Ошентип, өлкөдөгү тынчтыкты бузууга аракеттер жүрө баштайт.

-- УКМКнын жетекчиси бийликке сын айткан жарандарга катуу көзөмөл болорун айтты. Муну менен канчалык деңгээлде бийликке багытталган сын-пикирлерди бөгөттөөгө болот?

-- Азыркы учурдагы абалды эске алсак, анын айтканы жөндүү эле. Бирок, УКМК жетекчиси андай сөздөрдү жарыя кылбай, маселе жаралса иш менен эле көзөмөлдөп койсо болот да. Мындай билдирүүлөр жарандык коом ичинде туура эмес кабылданат. Эгер соцтармактарда бийликти критикалагандардын баарын учетко ала турган болсо, анда кайрадан эл ичинде чакчалекей, нааразычылыктар башталат.

-- Бейөкмөт уюмдардын каржы булактарынын келишин, алардын коротулушун тыкыр көзөмөлдөө боюнча пикириңиз кандай?

-- Бул маселени туура деп эсептейм. Бейөкмөт уюмдардын жакшы иштери көп болгону менен арасында деструктивдүү элементтер дагы болушу мүмкүн. Башкача айтканда, чалгындоо белгилери менен иштегендер да бар. Ошон үчүн конфликттерди жоюу, толеранттуулукка үндөө боюнча иштегендердин жыйынтыгы жок болуп атат.


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер