Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Самындай көбүргөн” Кубанычбек Самаков түн уйкудан калганда

“Самындай көбүргөн” Кубанычбек Самаков түн уйкудан калганда

27-сентябрь, 23:20
935 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Самаков мөөнөтүнөн мурда шайлоо болорун уккандан бери түн уйкудан калып, Нарынды түрө кыдырып, шайлоонун камын эртелеп көрүп жүрөт. Эске салсак, чоң муштум Жаныбек Абиров мандатын тапшырганда, ал Бишкек шаарынын Ленин районунан талапкер катары чыгып, болгону 5279 добуш менен багы ачылып, ЖКнын босогосун аттаган эле. Натыйжада, Кубанычбек Карганбекович мандаттын даамын татып алып, кайрадан парламентти көксөп турган чагы. Кызыгы, депутат кылган Ленин районунун шайлоочуларына айткан-дегендерин шамалга учуруп жибергендей. Алсак, талапкер кезинде шайлоочуларга берген куру убадалары боюнча соцтармактарда нааразычылыктар козуп баратат. Эми Ленин районунан кайра чыкса, Куванычбек Конгантиев менен Жаныбек Абировдон озуп кетерине көзү жетпей, Нарын облусуна секирди. Туура, атасы Нарында төрөлүп өскөн, ошол жерден депутат болгон дегендей. Бирок, баласы атасынын кадырын колко кылып, Нарындан шайланам” дегени жаңылыштык эмеспи?.. Же эмне, капчыгынын калыңдыгына таянган Кубанычбек “баарын сатып алам” деген логика менен теңиртоолуктарды тооруп турабы? Акчаны самандай сапырса да, эл деген азыр баарын аңдап билип калган эмеспи. Самаков “самындай көбүрбөй” эске алышы керек.  


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер