Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бишкекти профессионал полковник Борбор Азиядагы эң коопсуз шаарга айландырмак

Бишкекти профессионал полковник Борбор Азиядагы эң коопсуз шаарга айландырмак

19-август, 09:00
673 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Барган сайын кейиштүү окуялар орун алууда. Өзгөчө Бишкек шаарында кылмыштуулук күчөдү. Чак түштө атышып атышат, зордуктоо, тоноо, адам өлүмдөрү... Баса, активисттин машинесине граната коюлса, ал боюнча Бишкек ШИИБ ыкчам маалымат бере албай, “какап” калганы эмнени билдирет? Айтор, коомдук-коопсуздук абал, элдин тынчтыгы бузулду. Уюшкан кылмыштуулукка милиция “кыңк” эте албай калдыбы? Өздөрү пара менен байма-бай кармалып жатышса кайдагы үлгү? Эрксизден баш чайкайсың! Бишкек ШИИБнин начальниги Азамат Ногойбаев иштей албай калганы ачык байкалууда. А эмнеге “сүрсүтүп” кармап отурушат? “Кызыл шапкечендердин” тили менен айтканда, өздүк курам малдай эле жайылып кеттиби? Эмне кылуу керек? ИИМде узун бойлуу, жарашыктуу мурутчан, билимдүү, профессионал полковник бар. Генералга алмашкыс. Мына ушул азамат гана Бишкекти тартипке келтирип, Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң коопсуз шаарга айландырат эле. Тилекке каршы, уюшкан кылмыштуу топтордун таасири күчөп кетип, биз ылайык көргөн баалуу кадрга бут тосуп атышабы? Кызык. Мамлекеттин жүзү катары борбор шаар саналат эмеспи. Баардык жагынан көркөм, коопсуз, жаркырап турушу керек. Эмне үчүн биз элестеткен, кыялыбыздагы борборду калыбына келтире албайбыз? “Кадрлар баарын чечет” дечү эле, бул жагынан аксап, артта калып бүттүк. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер