Нариман Түлеев кайрадан “куса” турганы айтылууда


Аз күн мурун Нариман Түлеев интервью берип, элдин кыжырына тийип, соцтармакта талкуу жаратты го? “Жарымы төгүн, жарымы чын, жарандардын көөнү үчүн” дегендей, апыртмайы да, аныгы да айтылды окшойт. Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин короосуна таш ыргытып, жамандап, “ага жалдыраган эмесмин” деген маанайда божурады. Ал эми төмөндөгүдөй кечирим сурап ким жазган? Убагында бул кат коомчулукта уу-дуу талкууга “жем” таштаган эле. Кыргызда “жыгылганды теппейт” деп айтылат. Бирок бул эргул андай баалуулуктарды карабайт экен. Эми ары жагы түшүнүктүү эмеспи.
Анан калса, ал азыркы бийликке да кыйынсынгансып, өзүнчө менменсинип сүйлөгөнү кандай? Ишенген “түркүгү” бар окшойт. Айтмакчы, буга чейин ЦУМ тараптагы курулушунан көргөнбүз. Нариман Түлеев УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин астында келиндей ийилип, эпилдеп калган болчу. А жерден мыйзамсыз жасап жаткан иштери үчүн тил уккан. Сыягы, Нариман Түлеевдин бизнес империясы текшерилери, эгерде өткөндөгүдөй көз будамайлоо жактары ачыкталса, кайрадан “кусабы”? Кызык аңыздар тарап атыр...











