Күйөөмө ичим эзилип, уялып кеттим, ушундай жакшы адамга нааразы болуп жүрүптүрмүн
Турмуш курганыма сегиз жыл болуптур, эки балам бар. Сегиз жыл ичинде казан-аяк кагышпай койгон жок. Канча кыйын күндөрдү баштан өткөрдүк, карызга батып, кыйналганда да жолдошум байкуш бизди эч нерседен кем кылбаптыр. Колуна акча тийсе, тапканынын баарына үйгө керек нерселерди көтөрүп келет. Бир да жолу үйгө куру кол келбептир. Иштетпей, “үйдө балдарды карап отур” дечү. Ошого нааразы болуп, үйгө келсе мээсин жеп, уруш чыгарчу экенмин. Эч бир ыраазы болбоптурмун. Жолдошума дайыма нааразы болуп, “ал жок, бул жок” деп арыздангандан башка эч нерсе кылбаптырмын. Бүгүн ойлонуп көрүп, катуу уялдым. Көрсө, жолдошум жумуштан чарчап келет, кээде эки саат эле уктап жумушка кеткен күндөрү болот. Ошондо да такыр ойлонбоптурмун. Байкушум, көрсө, биз үчүн иштеп, үй-бүлө үчүн аракет кылып жүргөн экен. “Мен сени бирөөгө баш ийип, айлык күтүп иштешиңди каалабайм” десе да башым жете берчү эмес. Иштетпегенде такыр эле үйгө камап койгон жери жок. Балдарды паркка, киного, кафеге алып барып эле жүрөт. Ошонун баарын бүгүн түшүндүм. Өзүм уялып калдым. Байкушум, чарчап иштен келсе кээде үйдө тамак даяр болбой калат. Кечээ да жолдошумду жөнөтүп, уктап калыптырмын. Жумуштары эрте бүтүп, үйгө тез келип калды. Мен уктап жатканда байкушум эки колунда эки чоң пакет азык-түлүк, үйгө келип, мага үй иштерине жардам берип жүрөт. Ичим эзилип уялып кеттим, ушундай жакшы күйөөмө дагы нааразы болом. Кеч болсо да жакшы жубай болууну ойлондум. Мен эми өзгөрөм.
Айша
"Азия Ньюс" гезити