Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Түгөйлөрдү чөгөлөткөн, ыйлаткан Covid-19

Түгөйлөрдү чөгөлөткөн, ыйлаткан Covid-19

18-ноябрь, 20:24
683 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Англияда 52 жыл жыл бирге жашаган, коронавирустан (Covid-19) улам учурда карылар үйүндө жаткан жолдошун тосмонун артында чөгөлөп караган аялдын сүрөтү социалдык тармактарда кеңири тарады.

Англияда 74 жаштагы Айрин Сталдард карантиндик чектөөлөрдөн улам карылар үйүндө жүрөк жана шал оорусунан дарыланып жаткан 79 жаштагы жолдошу Дейв Сталдардды алыстан гана көрө алды. 52 жыл бирге жашаган түгөйлөрдүн сүрөтү көрүүчүлөрдүн жүрөгүн оорутту.

Түгөйлөрдүн кызы Миранда Гор Браун "март айында карантин башталгандан бери бизге атам менен жолугушууга уруксат берилген жок. Анын бөлмөсүнүн терезеси бакча жакты эмес, үйдүн ички короосун карагандыктан, эч көрө алган жокпуз" деди.

Ата-энесинин ошол көз ирмемдерин сүрөткө тартып алган Браун "сүрөттү Твиттерге жайгаштырууда менин бирден-бир максатым – ата-энемдин бири-бирине берилгендигин баса белгилөө болчу. Мындай жөнөкөй сүрөттүн дүйнөнү өзгөртүүгө күчү бар экенине таңкалдым” деди ал.

Учурда Улуу Британияда Covid-19га каршы күрөштүн алкагында кайрадан карантин башталды.


“Заман”

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер