Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Геосаясый афёра же кыргыздарды диний фанаттарга айлантуунун түпкү маңызы

Геосаясый афёра же кыргыздарды диний фанаттарга айлантуунун түпкү маңызы

29-ноябрь, 20:07
1 337 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Эл душмандарын” билгичтик менен пайдаланган капиталисттер кыргыз мамлекетин жок болуу чегине жеткиришти. “Эл душмандары” жүргүзгөн бузуку саясатты уланткан көкмээлер бүгүнкү күндө да кездешүүдө. Алардын айтымында, падышалык Россия үч кылым Осмон империясы менен тынбай согушуп, биринчи дүйнөлүк согушта да Осмон империясы Германия тарапта болуптур. Алтай, Сибирь, Урал, Орто Азия XVI кылымга чейин түрк тилдүү элдердин мекени экен. Бирөөлөргө кошомат кылышып, жагынган жагынан алдына эч кимди чыгарбаган кыргыздардын айтымында, кыбыр эткендердин баары түрк атадан таралып, ошонун балдары болушуп, түрк тилдүү элдер болуп калыптырбыз. Бирок Улуу Кытай өлкөсүнүн таш доорунан берки архивин аңтарып чыгышса, кыргыз кыргыз болуп жаралганы түрк ата эмес, анын чоң аталары да болгон эмес. Кийин бир нече кылымдардан соң жаралып калышса керек. Баарын тактап келиш үчүн кыргыз тарыхчыларын Кытайга командировкага жөнөтсө болот. Кыргызды жек көргөн “эл душмандары” кыргыз мамлекетин талкалап, саясат, экономика, идеологиясын атайылап жексендешип, бир жарым миллион кыргызды чачыратып ийишти. Чачыратып эле тим болбостон тилин да жок кылыш үчүн “кыргыз тилдүү элдер” эмес, “түрк тилдүү элдер” деп 30 жылдан бери кайталап келатышат. 

Өздөрүнүн душмандыгын, арамдыгын жашырыш үчүн күнөөнүн баарын СССРге, КПССке буруп коюшкан. Мамлекеттерди бири-бирине кайраштырып, бөлүп-жарып, согуш чыгаргандан да кайра тартышпайт. “Эл душмандары” өздөрүнүн гана жеке кызыкчылыгын көздөгөн коррупционерлер болгондуктан, бирин-бири бекем колдогон мафияга айланышканын убакыт көрсөттү. Баары бирдей СССРге, коммунисттик системага каршы чыгышып, тарыхты бурмалашып, капиталисттердин саясатын колдоп келатышат. Геосаясатты түшүнбөгөн “эл душмандарын” билгичтик менен пайдаланган капиталисттер өздөрүнүн погун өздөрүнө жегизип, Кыргызстанды каалагандай башкарып алышкан. Тарыхчыларды, адабиятчыларды, жазуучуларды “түрк тилдүү элбиз” деп ырдатып койгон “эл душмандары” капиталисттерге жан тартып турушса, албетте, алар үчүн абдан пайдалуу. Кыргыз тилдүү элдерди майда тыйын катары чөнтөгүнө салып койгон бирөөсү “баарыңар бизден тарагансыңар, бириккиле, өзүм император болуп берем” деп чыгары түшүнүктүү. Бир келген жашоодо кыргыздардан тараган элдерди бириктирип, “Великий император” болуп, тарыхта калса эмнеси жаман? Мамлекеттер аралык согуш чыгарып, ал жактардан качып келген качкындарды Европага каптатып ийип, бүткүл жер жүзүн будуң-чаңга айланткан шылуундар НАТОнун мүчөсү болуп алышканбы? Кыргызстанга жер жайнаган мечиттерди куруп беришип, карапайым кыргыздарды цивилизацияны жек көргөн диний фанаттарга айлантуу маселеси чечилүүдө. Анткени динчилдер канчалык караңгы болушса, капиталисттерге ошончолук пайдалуу болуп, аларды ич ара согуштуруу үчүн бир гана “каапыр” деген сөздү айтып койсо жетиштүү. 30 жылдан бери саясат, экономика, идеологиясы талкаланган Кыргызстанды сактап калуунун бир гана жолу – коммунисттик система экени анык болду. Өлкөдөгү коррупция, мафия, уурулук, алдамчылык, кылмыштуулук, саясый сойкулук жана башка толгон-токой кризистерди жок кылуунун бир гана жолу – коммунисттик система. Анткени бул система өсүп-өнүгүүнүн жолу, элдин бийлиги экенин баарыбыз беш колубуздай билебиз. Капиталисттердин жана “эл душмандарынын” саясатына каршы чыгышкан кыргыз эли үч жолку элдик революцияга бекеринен көтөрүлгөн жок. Убакыттын өтүшү менен “маңкурттар” өлүп жок болушуп, бийликтен айдалып чыгышып, табигый жол менен азайып келатышат. Бирок калган-каткандары “жатып өлгүчө атып өл” дешип, мамлекетке зыян келтирип жатышат. Алардын дөөрүгөн бузукулугун угуп жаткан кийинки муун кандай тарбия алышат? Ошондуктан президент Садыр Жапаров геосаясый афёралардан сак болушу керек. НАТОнун тапшырмасын аткарган “Великий император” кыргыз тилдүү республикаларды чөнтөгүнө салып алып, жалпы Борбор Азиянын чаңын чыгарбайбы?

30 жылдан бери далай афёраларды көргөн кыргыз эли койлорду эт комбинатка чейин баштап барып, өзү буйтап кеткен куу текени жакшы билишет эмеспи. Андай эле мусулман калкына жан тартса, НАТОнун мүчөлүгүнөн баш тартып, капиталисттердин духун түшүрүп, “Аль-Каида” менен ИГИЛди Орхан Инандыны кармап кеткендей терип жок кылбайбы? Жок, анда эле “император” болуу амбициясы жабыркап калышы мүмкүн. Бир колу менен НАТО аркылуу согуш баштап, экинчи колу менен башка тарапка жардам берүү иретинде май куюп туруу геосаясый афёра беле?..


Зарлык Дыйканбаев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер