Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кытай тышкы иштер министри коронавирустун келип чыгышы жөнүндө айтты

Кытай тышкы иштер министри коронавирустун келип чыгышы жөнүндө айтты

04-январь, 12:20
1 542 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Изилдөөлөр коронавирус пандемиясын дүйнөнүн ар кайсы жерлеринде өзүнчө жайылганын көрсөттү. Бул тууралуу Кытайдын тышкы иштер министри Ван И «Синьхуа» агенттигине берген маегинде билдирген.

«Кытай коронавирус келип чыкканда эле эпидемиологиялык иликтөө жүргүзүп, оору козгогучун аныктап, негизги маалыматтарды жарыялоо чараларын көрдү» деди министр.

Тышкы иштер министри ошондой эле Кытай коронавирустук учурлар жөнүндө биринчи болуп кабарлаган өлкө болгонун эске салды.

«Биз дезинформация, саясатташтыруу жана каралоого каршы аракеттердин башында турдук. Пандемияга каршы күрөшүүнүн баяндалышы калп менен бурмаланбасын деп чечтик» деди ал.

2019-жылы 31-декабрда Кытай бийлиги ДССУга Хубей провинциясынын Ухань шаарында белгисиз пневмония чыккандыгы жөнүндө билдирген. Оорунун козгогучу COVID-19 деп аталган вирустун жаңы түрү болгон. 11-мартта ДССУ коронавирустук инфекциядан улам пандемия жарыялаган.

ДССУ билдиргендей, жалпысынан дүйнөдө бул илдетке дээрлик 82 миллион адам чалдыккан. Инфекция жуктургандардын көпчүлүгү Америка, Индия жана Бразилия өлкөлөрүнүн жарандары.

Джон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, дүйнөдө жалпы 84 миллион оору катталган.

Марал FM

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер