Сары Өзөндүн кулуну Айбек Жунушалиев келечектен көптү үмүттөндүрөт

Өз ишин дыкат билген, так, бирок пиар менен алектенбеген адамдар болот. Алдыга жулунушпайт, артта да калып калышпайт. Жасаган кызматына ак пейилдүүлүк менен мамиле кылышат. Жогорку жетекчилик мындай адистерди колдоп, көтөрмөлөп койсо, ийгилик улана берет экен. Баамыбызда, КР президентинин администрациясынын чечимдерин аткарууну көзөмөлдөө башкармалыгынын начальниги Айбек Жунушалиев биз мисал келтиргендей кадр. Жөлөк-таяксыз, болгону ак эмгеги менен карьера жасап келатат. Өзү Сары Өзөн Чүйдөн болот. Солто уруусунан. Билими, тажрыйбасы жетиштүү. Адамгерчилик сапаты да бийик. Саясый интригалардан алыс. Мындан ары Айбек Жунушалиев профессионалдык жөндөмүн улантып, Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге арка-бел катары жардам берип, мамлекетке кызмат кыла берсе, өсүп келаткан кийинки муунга чоң үлгү жаратмакчы. Биздин токпейил каарманыбыз келечектен көптү үмүттөндүрөрүн байкап калдык...
"Азия Ньюс" гезити