Камчы Көлбаевди алсыратууга “Сакалдын” күчү жетпеси айтылды

Нарын түрмөсүнөн “Сакал” каймана атындагы Улан Токтосуновду Бишкекке алып келишип, андан соң №27 абакка которушканы маалым. Бул боюнча ар кандай божомолдор айтылып, коомчулукта талкуу жаралды. А бизге жеткен версия боюнча алсак, Улан Токтосуновду бийликтеги айрым лөктөр күчтөндүрүп, Камчы Көлбаевге каршы коюшарын эшиттик. Ансыз да экөө элдешкис душман тура. Саясый кызыкчылыктардын өтөсүнө чыгуу үчүн көмүскөдөн план ойлонулуп, аны иш жүзүнө ашыруу канчалык реалдуулукту көрсөтөт? Түнт токойдогу уктап жаткан арстанды ойготуу кимге опо? Албетте, ушул таризде көп сырлар бугуп жаткан сыңарындай. Ал эми биз менен баарлашкан айрым генерал, полковниктердин баамында, Камчы Көлбаевдин таасирин жоготууга, анын ордун ээлөөгө “Сакалдын” күчү жетпеси, ресурстары чектелүү экени боолголонуп атат. Бу чөйрөдө деле биринчи орунда каржы маселеси, андан кийин уюштуруу иштери, анализ ж.б. жактары роль ойнойт эмеспи. Демек, Камчы Көлбаевге карата жасала баштаган “аңчылык” аракеттери суу кечпей калат окшойт.
Дагы бир булактан алганда, Улан Токтосуновду көтөрүүгө чет өлкөдө жүргөн Алмаз Бокушевдин киришкени, бийликке “көпүрө” катары Умбет Кыдыралиевди пайдаланып, чечкиндүү аракетин башталганы ушулбу?..
"Азия Ньюс" гезити