Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сатыбалдиев облусту башкара албай, бийликтин рейтингин түшүрүүдө

Сатыбалдиев облусту башкара албай, бийликтин рейтингин түшүрүүдө

23-ноябрь, 15:09
689 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевдин ишмердигине байма-бай ачуу сындар айтылып келет. Ал тажрыйбасыз кадр катары таанылып, облусту артка тартканы аз келгенсип, өлкө жетекчилигине чейин сөз тийгизип атканы факт. 

Маселен, Ноокендеги көчөгө канкор Курманбек Бакиевдин атын койдурганы (билбей калып), бул боюнча мамлекеттик деңгээлдеги чуу жаралганы -- кесепети бийликтин рейтингин түшүрүүгө чейин жетти. Мунун өзү сабатсыздык, кайдыгерлик эмей эмне?

Сатыбалдиев облустагы инвесторлор менен элдин ортосунда түшүндүрүү иштерин жүргүзө албаганынан ар дайым нааразычылык жаралып, чатактар чыгып турат. Мунун айынан жалпы республикабыздагы өндүрүш, экономикалык климат бузулуп келет. Региондордо чуулгандар токтобосо, сырттан инвестор келмек беле? Бул жагы да чоң көйгөйгө айланганы өкүнүчтүү. 

Губернатор элге жакын эмес, үлгү-тарбиялык иштерди жүргүзүүнү билбейт. Айталы, жакында эле Аксы районунда топтошкон окуучу кыздардын урушу чыгып, бүтүндөй Кыргызстанга “дүң” болду. Андан көп узабай Токтогул районунда 1-класстагы баланы 8-класстын окуучусу аеосуз сабап коюптур. Сузакта да өспүрүмдөрдүн мушташынан кылмыш иши козголду. Мектептерде улам кайталанган мындай жосунсуз жоруктар коомчулукка жат көрүнүштү жаратып, моралдык атмосферанын кандай экенин көрсөтүүдө. Сатыбалдиев жергиликтүү жетекчилер менен жакындан иштеше албаганы, аларга таасири жок экенин байкасак болот. 

Башкасын айтпасак да, бир топ убакыттан бери Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев менен губернатор Кыянбек Сатыбалдиевдин тирешүүсү ырбап, ит-мышыктын образы жаралганын айтышууда. Экөөнүн урушу коомчулукка ачык чыкпаса да, тымызын тилдешкени, бир столдун үстүндө отура алышпай калышканы эмнени билдирет? Облустагы жогорку жетекчилердин мындай карама-каршылыгы жакшылыкка алпарбайт. Ортодон эл гана кыйналат. 

Ток этери, Сатыбалдиев жөнөкөй гана милдеттерин аткара албай атса, анан кайдагы өнүгүүнү кыялданабыз? “Ооруну жашырса өлүм ашкерелейт” дегендей, бул чиновниктин ишмердигине дыкат көңүл буруп, алдын-ала анализдеп, текшерүү иштерин жүргүзбөсө, аягы аянычтуу көрүнүштөр менен коштолбойбу?..

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер