Айкөл Манастын улуу сабактарын улаган устатыма кат


Катты ар дайым саламдан баштайт эмеспи, аман-эсен турасыздарбы? Манастын урпактары, керемет кыргыз жерин жердеген асыл инсандар! Сиздерге кайрылуу менен, усататыма айта турган кебимдин учугу айкөлдүн азыркы урпактарына да тиешелүү деген ойдо жазып жатамын. Анткени менин устатымдын жолу – бул жарык жашоодогу карапайым пенденин тиричилиги гана эмес, жандүйнөсүнүн бийиктиги үчүн жан азабын тартып, миң түркүн ой азабын башынан кечирген улуттук даанышмандын 80 жылдык жолу. Бул даанышмандык, дил билгилик устатыма кантип келди? Эгерде айкөл Манастын ааламына жүрөксүп, тартынып аралабай койсо кандай болот эле?
Советбек агайдын жандүйнөсүнүн ойгонушу, улуттук асыл сапаттар менен сугарылуусу балалык чагындагы табигый зиректиги, көркөм сөзгө болгон куйма кулактыгы жана ашкере сабырдуу жана токтоолугу түрткү берсе керек. Анткени ар бир эле ой сезими токтоло элек өспүрүм бала борбордогу гезиттерге кабарларды жазып, өз чөйрөсүнүн тазалыгы жана адилеттүүлүгү үчүн күрөшө бербейт го. Ошол совет мезгилиндеги баардык адамдардын тең укуктуулугу, бирдей деңгээлдеги билим алууга болгон мүмкүндүгү бир жагынан кыргыздын айылдан чыккан балдарына билим-илимге бирдей жол ачса да, жалпы адамзаттык асыл баалуулуктар, жеке инсан умтула турган өнүгүү бийиктиктери бар экендигин сергек сезими, зирек акылы менен туюп сезип, бүркүттүн барчынындай канат кагууга ички күч болуп, түрткү берсе керек. С.Байгазиевдин атын Ала-Тоого таанытып, жаштарды ойгонууга, рух бийиктигине чакырган чыгармасы да “Иниме кат” эссе-макаласы болду. Мектеп окуучусунан тартып окумуштуу адабиятчыларга чейин бир ички силкинүүнү пайда кылган публицистикалык чыгарма катары ички өнүгүүнүн чексиз жана мээнеттүү жолдору бар экендигин, ал жолдорду басып өтүүнүн жан азабы ар бир эле ой чуркатып, дүйнө-өмүр тууралуу өз элес-түшүнүгү бар адамдын милдети экендигин жаш адамга ачып бергендиги болгон. Сырткы дүйнөдөгү иш-аракеттериң, социализм үчүн күрөшүң менен катар сенин да өз ааламың, таяна турган дүйнө асылдыктары, улуттук баалуулуктар бар экендигин астейдил мисалдар менен ар бир окурмандын акыл сезимин терең сугарып өткөн эле. Бул концепция акындык менен жазуучулуктун жолун кыялап өтүп, окумуштуулук жана публицистиканын терең кырларына баардык дитин, ички дүйнөсүндөгү ойлордун жүгүн таштап байырлаган адамдын тапкан акыл казыгы, идеялык казыгы эле десек жаңылышпайбыз. Окумуштуу катары кыргыздын оозеки жана жазма адабиятынын пайдубалын түптөгөн Нурмолдо акындан тартып, Мукай менен Жусуптун, Алыкулдун асыл дүйнөсүн адабиятчы катары иликтеп, көркөм дүйнөсүн кыргыз окурмандарына ар тараптуу жана терең ачып берүүгө зор салым кошту. Ал эми эгемендик жылдары акыл жибин байлап, ой сезимин байырлай турган идеология таппай турган элге С.Байгазиев кыргыздын улуу эпикалык мурасы болгон “Манас” үчилтигинин асылдыгын ар тараптуу ачып берип, коомдук ой-пикирге жарык жол чапты. Агай айткан кыргыз баласынын асыл баалуулуктары, биз таппай турган ички дүйнөсүнүн пайдубалы ошол байыркы баяндын ичинде экендигин акырындап, системалуу түрдө публицист катары коомдун ой тегереткен катмарына жеткире алды. Ал коомдун андан аркы улуттук баалуулуктарынын, нарк-насилинин жана ишенимдеринин туура багытта калыптанышына зор өбөлгө түздү десек жаңылышпайбыз.
Биринчиден, С.Байгазиев эпостун маңыз-мааниси кыргыз жаранынын өзүн-өзү таанып билүүсү менен, рухий жактан өсүп жетилүүсү менен тыгыз байланышта караган. Манастын бала чагынан баштап, улуттун башын бириктирген лидер катары өсүп чыгуусуна кандай шарттар себеп болгонун ачып берди. Жалпы журт кыйналып, душмандын кысымында көз каранды болуп жашаган шартты аңдап сезүү, кошоматчылык менен байлык топтоону эмес, душманга каршы туруу, күрөшүү жолун тандап алгандыгын психологиялык жактан тереңге кеткен тамырларына чейин ой чаргытып окурмандын оюн жипсиз байлап, негиздүү жыйынтык чыгарган.
Экинчиден, ар бир мекенчил кыргыз баласы калыптанган ички асыл ниеттерин, улуттук ар намыс, мекенчилдик сезимин сырткы иш-аракети, максаттуу жана адилет күрөшү менен айкалыштыра билгенде, айланасына анын максатына тилектеш таза адамдарды топтой билгенде гана Ата-Журтуна кызмат кылган улутман, жаратман инсан боло тургандыгын Манастын улуу, адилеттүү күрөшү аркылуу ачып берген.
Үчүнчүдөн, азыркы учурда да өз коомуна жана улутуна керектүү, нагыз кызмат кылган азаматтардын асыл баалуулуктары биздин бабалардын бийик адамдык үлгүлөрүнө атаандаш калыптанып, башын казык, билегин токмок кылып кызмат кылганда гана, өз баалуулуктарыбызды кастарлап, ой сезимдерге тундуруп, жашоо турмушубуздун тамырына терең сугара билгенде гана Ата-Журтубуз көз карандысыз, бакубат мамлекетке айлана тургандыгын эпостогу образдар менен айкын көрсөтүп бере алган.
Демек, агайдын басып өткөн узак жолу, кыргыз баалуулуктарына улуттун рухий жактан кайра жаралуусуна болгон татаал, азаптуу жолу десек жаңылышпайбыз. С.Байгазиев кыргыз коомуна сиңирген эмгеги да, сырткы дүйнөнү акыл менен терең калчап, ата-бабалар калтырган баяндан азыркы кыргыз жараны таяна турган ички асыл баалуулуктарды, улуттук алтын казыкты, рухий концепцияны таап, улуттун ой сандыгына жыйнап бергендигинде болуп саналат. Алыскы ата-баба жолундагы акыл асылдыктарын азыркы замандаштарына ачып берген агайыма, Манастын урпактарынан терең таазим демекчимин! Бар болуңуз улуттун акылгөй устаты!
Курманкан Абдиева, Бишкек шаары











