Каныбек Туманбаев ипотекалык үйлөргө көз боёмочулук жасап жатабы?

Соңку убакта үйгө жетпеген катардагы мугалим, дарыгер, ж.б. социалдык кызматкерлер, дээрлик карапайым элдин ичинде нааразычылыктар көбөйдү. Алгач ипотекалык батирлер курулуп баштаганда көпчүлүк кубанып, калыстыкта таратыларынан үмүт жаралган. Тилекке каршы, теңирден тескери кетиштиби?
Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан өткөн жылы миңге жакын батирлер сатылыптыр. Пиарды дуулдатышып, кыйла эле баш айлатканга жарашты. Эң өкүнүчтүүсү, үч-төрт жылдан бери кезекте турган жөнөкөй жарандар үйгө жетишпей, ортодон акчалуу байлар “мойсоп” кетишкендери кандай? Мисалы, ала турган батирдин 50 пайызын төлөй салсаң, үч жыл зарыкпай эле туйтунат экенсиң. Мындай көрүнүш Скрябин, Айтматов көчөлөрүндөгү үйлөрдү алууда кайталанып, чарчы метрлери 850-950 долларга бааланганы айтылды. Ошондо орто жерден ойт бериштиби? “Кызыл-кызыл кекиртек, кыйла жерге секиртет” дегендей. Кызыгы, башта ипотеканын чарчы метри 550 долларга бааланбады беле? Айтор, коомчулук таңгалууда. Мамлекеттин пиар-кампаниясына ишенишип, миңдеген адамдар кезекке турушуп, алар саргара күтүп кала беришсе, анан акчалуулардын марыганы ушулбу? Мындай көз боёмочулукту президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев жүргүзүп атса, текшерүүчү органдар каякты карап отурушат? Элдин, мамлекеттин бекер жерине салынып аткан үйлөрдөн өөнөшпөй эле ак кызмат кылышса болбойбу? Ипотекалык батирлерди алгандар ансыз деле үстөгү менен төлөп беришет го? Кыскасы, соболдор арбын.
Айтмакчы, буга чейин курулуш компаниялардын лицензиялары алынып, куугунтукка кабылып келгенин кандайча түшүнөбүз? Бул тармактагы “будуң-чаңга” акыл калчагандар айраң таңгалышып, түшүнүп-түшүнбөй турушат. Бирок, акыры “кыңыр иш” ачыкталса керек. Мансап, байлыкка мас болгон Каныбек Туманбаев “тумандатып” баратабы? Көзүн май басып, эртең кандай күнгө тушугарын ойлобой калган окшойт...
"Азия Ньюс" гезити