Молдо жигит чыныгы бакыт тартуулай алабы?


Мен 22 жаштамын. Бир нече ай мурун бир жигит менен таанышып, сүйлөшө баштадык. Башында өзүн абдан ыймандуу, билимдүү адам катары көрсөттү. Дин тууралуу көп сүйлөгөндүктөн ага ишенип калгам. Бирок убакыт өткөн сайын ал тууралуу күтпөгөн чындыкты билдим. Көрсө, буга чейин үч жолу үйлөнүп, үч никеси тең бузулуптур. Үч кыздын атасы экен. Эң кызыгы, ошол никелеринин бирөөсү үчүн да өзүн күнөөлөбөйт. Баарына мурдагы аялдарын айыптап: «Мен эч кимди кууп чыккан эмесмин. Өздөрү кетишкен. Колумдан келгендин баарын кылгам» деп актанат.
Ошого карабай мага: «Сага үйлөнсөм, чыныгы бакытты көрсөтөм. Сен менин акыркы аялым болосуң» деп кайра-кайра айтат.
Мен болсо анын өткөн жашоосун уккандан кийин күмөн санап, акырындык менен алыстай баштадым. Ошондон кийин анын мамилеси өзгөрдү. Азыр болсо: «Аллах баарын көрүп турат. Мени четке каксаң, кайтар дүйнө сага да кайтат. Каргыштан корк!» деген сөздөрдү айтып жатат.
Ушул сөздөр жүрөгүмө оор тийип, өзүмдү күнөөлүү сезе баштадым. Бир жагынан коркуп, бир жагынан эмне туура, эмне туура эмес экенин түшүнбөй калдым.
Чынында мындай учурда кандай чечим кабыл алганым туура болот? Анын сөздөрүнө ишенишим керекпи же бул жөн гана психологиялык басымбы?
Айжан











