Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Коронавирус пандемиясына келген акчалар коррупцияланышып кеттиби?

Коронавирус пандемиясына келген акчалар коррупцияланышып кеттиби?

02-июнь, 14:15
1 298 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Коронавирус пандемиясы менен күрөшүүгө чет жактан келген каражаттарды сарптоодогу коррупциялык жагдайлар тууралуу айың кептер тарап жатат. Бул тууралуу депутат Руслан Казакбаев 1-июнда Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, коронавирус илдетинин жайылышын алдын алуу багытында жарандарга түшүндүрүү иштерин күчөтүү керек. Ошондой эле ал илдетке каршы күрөшүү жаатында жумшалып жаткан каражаттардын көлөмүнө кызыкты. Министрликти каржы жаатында ачык-айкын маалымат берип турууга чакырды.

Ал эми өкмөт өкүлү депутаттын суроосуна жооп берип жатып, эл аралык валюталык фонддон 240 млн. АКШ доллары келгенин, 9 млн. АКШ доллары башка долбоорлордон багытталганын, 15 млн. АКШ доллары Бүткүл дүйнөлүк банктан, 20 млн. АКШ доллары Азия өнүктүрүү банкынан сунушталганын маалымдады.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер