Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Биримдик” №1. Махабат Мавлянова: “Терең ойлонууга мезгил келди”

“Биримдик” №1. Махабат Мавлянова: “Терең ойлонууга мезгил келди”

29-сентябрь, 15:51
896 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Калктын кирешесинин төмөндүгү жана жакырчылык – эң кѳйгѳйлүү маселелерден. Бул коомдун бай жана кедей болуп  бөлүнүүсүнө алып келиши мүмкүн”. Бул тууралуу Ош облусундагы үгүт өнөктүгүндө “Биримдик" демократиялык социализм – евразиялык тандоо” партиясынын талапкери Махабат Мавлянова билдирди.

Анын айтымында, ѳлкѳдѳгү жакырчылык толугу менен жоюлмайынча,  көйгөйлѳрдү карап, аларды акырындык менен чечип, азайтууга болот. Жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү үчүн биринчи кезекте  калкты жумуш менен камсыз кылып, элдин  акчалай кирешесин  көбөйтүү керек. 

“Өлкөбүздө коомдо пайда болуп жаткан социалдык теңсиздикти жеңүүгѳ мүмкүнчүлүктөр бар. Бул маселе өлкөнүн башкы приоритети болуп эсептелет» дейт М.Мавлянова. Талапкердин айтымында, “Биримдик” партиясынын программасы булар боюнча бир катар чечимдерди даярдаган:  

-- социалдык адилеттүүлүк принцибин камсыз кылуу;

-- калкты жумуш менен толук камсыз кылуучу шарттарды түзүү;

-- аларга көз каранды болбогон себептерден улам, убактылуу жумушсуз калган жарандарга мыйзамга ылайык өлчөмдө, бирок минималдуу керектөө бюджетинен төмөн эмес өлчөмдө жөлөк пул төлөп берүү; 

-- жарандардын эмгегине адилеттүү акы төлөп берүү укугун ишке ашыруу; 

-- адамдардын тамак-аш азыктарына, турак жайга, кийимге жана тейлөөгө болгон биринчи кезектеги муктаждыктарын канааттандырууга мүмкүнчүлүк берген деңгээлдеги айлык акынын жана жөлөк пулдун минималдуу өлчөмүн аныктоо.

Партиянын социалдык камкордукка алуу багытындагы программасына токтолгон талапкер ѳз сѳзүн: “Ойлонуу менен тандоонун мезгили келе жатат. Ар бир кабыл алынган мыйзам долбоору үчүн жоопкерчиликти мойнубузга алып, анын аткарылышын көзөмөлдөөгө даярбыз!” деп жыйынтыктады. 

«Биримдик» (Единство) демократиялык партиясы» саясый партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү. 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер