Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Уран Шамбетов менен Дамирбек Исаков кызматтан кетеби? Олуттуу негиз бар

Уран Шамбетов менен Дамирбек Исаков кызматтан кетеби? Олуттуу негиз бар

11-октябрь, 19:54
740 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Селекциядагы үрөй учурган окуя эл аралык ЖМКларга чейин чыгыптыр. Көп өтпөй кулак-мурду кесилип, чала мууздалган келин үн катып, укук коргоо органдарынан жардам болбогонун, бир канча жолу арызданганын, үмүтү өчкөнүн айтып чыкты. Өкүнүчтүү!

Сокулук РИИБ начальниги Уран Шамбетов аныгында эле шалаакылык кылганы, кызматкелери тийешелүү милдеттерин аткарышпаганы сынга кабылууда. Мыйзамдын алкагынан алып караганда, жетекчиликке кызматтык чара көрүлүшү керек эле. ИИМге катуу сөз тийди. Мындай шартта Уран Шамбетов менен Чүй ОИИБнин башчысы Дамирбек Исаков орун басарлары менен кызматтан алынууга негиз түзүлдү го? Буга чейин эле сөгүш алып келишкен. Натыйжада, мыйзамдуу чара көрүлөбү? 

Баса, Сокулук районунда мектеп окуучулары арасында зордук-зомбулук көрсөтүү, рэкетчилик сыяктуу ээнбаш жоруктар күчөп кеткени, соцтармакка тепкилешкен видеолор чыгып жатканы жашыруун эмес. Милиция көзөмөлгө албаса, тарбия иштерин жүргүзбөсө ушул экен да. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер