Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » 4-класстын окуучулары айдоочуларга кат жазышты

4-класстын окуучулары айдоочуларга кат жазышты

29-ноябрь, 00:29
926 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Борбордогу мектептерде окуган 4-класстын окуучулары айдоочуларга кат жазышты. Маалыматка ылайык, биринчилерден болуп бул акцияга Бишкектеги №12 гимназия-мектебинин окуучулары катышты. Катта окуучулар айдоочуларга унаа айдап бара жатканда жолго көңүл буруусун, жөө адамдар өтүүчү жерден адамдарга жол бошотуп, жол эрежелерин сактоону суранышкан. Мындай акциялар чоңдор үчүн дагы, балдар үчүн дагы абдан маанилүү. Баланын жол эрежесин сактоону суранган катын алган айдоочу ага карата кайдыгер калбаса керек. 

Ал эми балдар дагы өз кезегинде жолдо жүрүү эрежелерин сактоого үйрөнүп жатышат. Эң негизгиси, балдар айдоочуларга жазган каттарында акыркы кезде көп катталып жаткан жол кырсыктарына тынчсызданып жатышкандарын билдиргени маалымдалган.


“Азия Ньюс” гезити

 
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер