» Саясат » Сариев компроматтан коркуп, президентке каяша кыла албады
Сариев компроматтан коркуп, президентке каяша кыла албады
30-август, 19:30
503 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Садыр Жапаров “Кабар” сайтына маек берип атып, төрт пансионат боюнча Темир Сариев популисттик чечим кабыл алганын шардана кылган. Кыртышы сүйбөгөндөй жөөлөп өткөнүнө күбө болгонбуз. Анан эмне болду? Сариев жооп бере албай (интернетке жайылган эски видеону эске албаганда), баягы жалтанбаган жүрөгү мокогонун көрсөттү. Кичинекей аброюна сокку урулду. А эмнеге президенттен коркуп атат? Көрсө, Кумтөр иши менен камалып чыкканы, коркуп калганы, анан калса, башка жоруктары боюнча да компроматтар президенттин колунда бар экени каңкууланган. Айбат кыла албаганы жөн жерден эмес. Садыр Жапаров мынчалык “сындырып” койсо, анда Темикенин саясатта калууга акысы деле калбай калдыбы?