Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Урматтуу Садыр Жапаров, элиңизге таянып, реформаңызды батыл жасай бериңиз!

Урматтуу Садыр Жапаров, элиңизге таянып, реформаңызды батыл жасай бериңиз!

13-июнь, 17:22
926 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Демократия – бул ар ким оюндагысын сүйлөп, жоопкерчиликти унутта калтырып, коомду бузуу эмес да! Кыргызстан эгемендик алгандан берки 30 жыл ичинде өлкөбүзгө көз арткан баардык мамлекеттер тилибизден, руханий дүйнөбүздөн, каада-салттарыбыздан, интеллектуалдык касиеттерибизден ажыратып, маңкурт кылгандан дагы кайра тартпай тургандыктарын билгендей эле болдук. 

Коомубуз бузулганын ушундан бил: кичинебизден чоңубузга чейин саясатты сүйлөп, аныбыз аз келгенсип жапырт баарыбыз эксперт, адис болуп чыга келгенибиз аз келгенсип, Ютубдан, Фейсбуктан, Инстаграмдан жана теледен түшпөй калдык. Ээ айланайындар, көпчүлүк жамандап жүргөн союз убагында ар ким өз ишин кылчу. Мисалы, дарыгер дарыгерлигин, мугалим агартуучулугун, инжененр инженерлигин, саясатчы саясатын, тракторист тракторун, кабарчы  кабарчылыгын, деги койчу, баары өз кызматында болушчу. А азыр болсо коомубуз бузулуп, баарыбыз аралашып жатып калдык. Муну айтып жатканымдын себеби, кайсы бийлик келбесин, коррупция менен күрөшпөй, ууру кескилерди камабай, протекцияны жойбой, экономиканы көтөрбөй, чек ара маселесин чечпей жатат (!) деп келдик. Эми Садыр Жапаров башында турган жаңы бийлик четинен акырындап чече баштаса, “жо-ок, сен ага тийбе, ал биздин бала, ал сүттөн ак. Сен башкасын карма” деп ошол “өз баласы” берген жарыбаган акчага сатылып (алган акчасын кантип актап бериштин айласын кылып), митинг уюштуруп жаткан кездери. 

Ээ айланайын эл журт! Өзүңөр бийликке талап коёсуңар, “жеп-ичкендерди “кустуруп”, камагыла!” деп. Анан кайра бул жагынан митинг уюштурганыңар кандай? Кыргызда жакшы сөз бар “акырын бассаң аксаксың, катуу бассаң таскаксың” деген. Биз азыр бийликти ушундай кылып жатабыз. Кыргыз эли президентибиз Садыр Жапаровду 80% менен колдоп президенттикке отургузгандан кийин, элдин жыргалчылыгы жана мамлекеттин күчтүүлүгү үчүн жан үрөп иштеп аткандан кийин, баардык башталыштагы иштерин колдон-буттан алып колдоп туралы. 

30 жылдан бери мамлекеттин чөнтөгүнө кол салгандардын жооп берүүчү мезгили келди! Урматтуу Садыр Жапаров, элиңизге таянып, коркпой-үркпөй, жасачу реформаңызды батыл жасай бериңиз, көпчүлүк эл сиз тарапта!


Болуш Султанов 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер