Акыркы кабарлар
» Саясат » Улукбек Кочкоров шефтерин сатып кетип, бет пардасы сыйрылды
Улукбек Кочкоров шефтерин сатып кетип, бет пардасы сыйрылды
30-октябрь, 12:17
728 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Эмгек жана социалдык коргоо министри Улукбек Кочкоров “Биримдик” партиясынан парламенттик шайлоого алдыңкы тизмеде аттанган. Көтөрүлүшкө ушундай чиновниктер себепкер. Аламанда элдин кыжырына тийип жүргөнү аз келгенсип, кайра министрликке келип, уят болуу менен кызматынан тебилди. Моралдык жоопкерчиликти ойлоп, башта эле арызын жазып кетип калбайт беле? Же кыйраткан иши болсочу? Качанкыга чейин ушундайлар саясатта ойкуп-кайкып жүрүшөт? Айтмакчы, Кочкоров мурдагы шефтерин сатып, жаңы бийликке жүгүнсө да иши оңунан чыкпады. Жаштарга үлгү көрсөткөндүн ордуна, бет пардасын сыйрып салып, “устукан” дегенде улуп-уңшуй турган образды далилдеп койду го, ыя?..
"Азия Ньюс" гезити