Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Талантбек Батыралиев: “Вакцина тууралуу сын-пикирлерге эч кандай илимий негиз жок”

Талантбек Батыралиев: “Вакцина тууралуу сын-пикирлерге эч кандай илимий негиз жок”

23-июль, 12:46
1 928 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Вакцина тууралуу сын-пикирлер акыркы кезде көп айтылууда. Ага негиз барбы?

-- Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму колдогон вакциналарды алуу зарыл. Айтылып жаткан сын-пикирлерден кабарым бар, бирок ага эч кандай илимий негиз жок. Ошондуктан каалайбызбы-каалабайбызбы эмдөө жүргүзүү керек. Эгер калктын 70 пайызын эмдөөдөн өткөзбөсөк, абал оорлойт. Албетте, эмдөө бизди вирустан 100 пайыз сактабайт, бирок эмдөөнүн негизинде оору жеңил өтөт. 

-- “Эмдөөнү мамлекеттик мекемелерде иштегендер үчүн милдеттүү түрдө жүргүзүп атышат дегендер да чыгууда. Негизи эмдөөгө мажбурлоого муктаждык барбы?

-- Мамлекет – бул аябай чоң коом. Демек, мамлекеттик деңгээлде коронавирус менен күрөшүп, анын жайылышына бөгөт коюуга муктаждык бар. Анткени калктын саламаттыгын сактоо милдет. Бул жерде мамлекеттин коопсуздугу жөнүндө сөз жүрүп атат. Эптеп эле элдин көбүн эмдеп алалы дегенге негиз жок.  Айрым өлкөлөр 80 пайыз эмдөөдөн өтүп, бүт чектөөлөрдү жок кылышты. Албетте, вакцинациялоо кыстоо менен жүрбөшү керек. Жөн гана эл менен иштеп, туура түшүндүрүүгө мүмкүнчүлүктөр көп. Ошолорду колдонсо болот.

-- Эмдөө жүргүзүү жайлары, шарттары жана талаптары тууралуу кандай ойдосуз?

-- Негизи эмдөөчү жайлардын ар кандай мекемелерде уюштурулганы бизде эле эмес, көптөгөн мамлекеттерде ушундай. Бирок, ошол жайларда сөзсүз санитардык нормалар сакталып, медициналык мекеменин көзөмөлүндө болуусу шарт. 

-- Эмдөөдөн өткүсү келген  жарандардын ден соолугунун чыңдыгына жана эмдөө алгандан кийинки жагдайына биринчи жоопкер ким болот?

-- Вакцина жүргүзүлүп жатканда жаранга бардык талаптар түшүндүрүлөт.  Ал жерде эмдеп коюп эле кете бер дебейт. Эмделген жарандын керектүү өздүк маалыматтары алынат. Кокус күтүлбөгөн реакциялар пайда болсо, кайрылуучу медициналык мекемелер турат. 


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер