Акыркы кабарлар
» Жанирмем » Чүйдүн чыйрак кызы Чолпон Эсенаманованы кеч билип калдым да...
Чүйдүн чыйрак кызы Чолпон Эсенаманованы кеч билип калдым да...
24-февраль, 21:28


Сары Өзөндүн батыш тарабынан депутаттыкка шайланып келген Чолпон Эсенаманова аймактагы көйгөйлөрдү тизмектеп, өкмөткө жолдоп, элдин камын көрө баштады. Бул айымды мурда көрбөптүрмүн. Өзү билимдүү, жөнөкөй экен. Иштин ыгын билерин байкадым. Буга чейин Жайыл, Панфилов райондорунан элдин маселесин көтөргөн депутат чыкты беле? Менин эсимде жок. Учурда Чолпон айым социалдык-экономикалык, чарбалык, дээрлик артта калган тармактарга байланыштуу көйгөйлөрдү айтып, алардын чечилүүсүн талап кылууда. Чындыгында депутат, аял катары мага жакты. Баракелде! Кеч көрүп калдым да... Эми да болсо үмүт үзбөй, жакшы адамдын бар экенине топук кыла турайын...
Калыс











