Ырысгүл Изатова: “Күзгү жалбырактар, жашоомду уурдап жаткандай...”
Күздө түшүп жаткан жалбырактар жашоомду уурдап жаткандай, сагынычты чакыргандай сезилет. Айрыкча жалгыздыкты сездирет. Ыйлагым келе берет. Ал эми чыгармачылыкка чоң түрткү берет. Жакшы ырларды жазууга өбөлгө түзөт.
***
Айтса айтышсын биз жөнүндө билгенин,
Ансыз деле күнөөм тоодой кирдедим.
Кетеличи күздү коштоп ыраакка,
Келчи бүгүн көп күттүрбөй сүйгөнүм.
Жат адам
Жашымдан жолдоштой муң мага,
Жолумдан адашкам мурда да...
Булуттай буркурап ыйласам,
Бугумду бөлүшөт ыр гана!
Ачылбас асмандай түнөрүп,
Аялуу сезимим “тирүү өлүк”.
Өмүрүм шам чырак майындай,
Өксүүдөн кетпесин түгөнүп.
Күндөрүм күйүткө жалгашкан,
Күбүлүп дүйнөмдөн шаң качкан.
Кам көргөн күнөөсүз бирөөнү,
Коркомун калп эле жандаштан.
Жүрөктү байырлап жашаган,
Жүдөткөн санаадан жаш алам.
Башкарып жүргөнсүйт акылды,
Баягы мен эмес жат адам.
"Азия Ньюс" гезити