Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Генерал Мурат Боронов ротациянын көркүн ачабы?

Генерал Мурат Боронов ротациянын көркүн ачабы?

28-март, 20:26
779 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Кадр саясатын карап көрөлү. Кайсы тармак болбосун, абал чеке жылытарлык эмес. Үч жылдан бери бетке кармап аткан ротация жемишин качан берет? Натыйжада, тажрыйбасыз майда чиновниктерди ары-бери жылдыруудан майнап чыккан жок. Система өзүн алдабашы керек да. Андыктан реалдуу кадамдарды карап көрбөйлүбү? 
Мисалы, Мурат Бороновдун Баткен ОИИБ жетекчилигине дайындалганына үч жылдан ашып калды. Эки ирет Тажикстан менен согушканда алдыда гана жүрдү. Октон жалтанбай. Оор сыноолорду баштан өткөрдү. Коомдук-коопсуздук абалды чыңдап, милиция элге жакын экенин көрсөтүп келатат. Жогорку жетекчиликтен коюлган тапшырмалар кынтыксыз аткарылат. Жалпысынан алганда, Мурат Боронов Баткенге баргандан бери милициянын көп көйгөйлөрү чечилүүдө. ИИМдин бараандуу жетекчиси катары жогору бааланып келет. Генерал-майор чин-даражасы убагында берилди. Эмгеги бааланууда. Ооба, мындай сый-урматка таман акы, маңдай тери менен жетти да.
Жыйынтыгында, Мурат Бороновду Бишкек ШИИБ, же Чүй ОИИБге начальник кылып койсо, эң сонун жарашат. Ошондо ротациянын көркү ачылмак. Каарманыбыз татыктуу да, кандай гана жүк артылбасын, көтөрүп кетет. Айтмакчы, ИИМ орун басарлыгына эс алуу үчүн барышат эмеспи, аякка азырынча эрте. А генералыбыз түйшүктүү гана милдеттерди аркалап, караңгыдан көз тапкандай шыгы бар. Эң жок дегенде Ысык-Көл менен Баткен ОИИБлери орун алмашып турушса деле оңунан чыгат эле. Бул да түзүк вариант.
Кыскасы, биз сунуш айтып, ой-пикир билдирип коюуга милдеттүүбүз. Калганын коомчулук таразалап, баа берет. Ал эми жогорку жетекчилик өздүк курамга, элге карата пайдалуу чечимди кабыл алса керек. Күтө туралы. “Эр эмгегин жер жебейт” дегендей, жакшы иш эч качан көмүлүп калбайт эмеспи. 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер