Иса ӨМҮРКУЛОВ, КСДП фракциясынын лидери: “Оппозиция берген курч суроолорду биз деле берип атабыз”
-- Иса Шейшенкулович, кесиптешиңиз Бакыт Төрөбаев “же өкмөт кетиши керек, же коалиция тарашы керек” деген пикирин билдирди. Башкаруучу коалициянын жетекчиси катары сиз буга кандай карайсыз?
-- “Тараш керек” деген сөздү дагы терең ойлонуп айтыш керек. Ким тарашы керек? Бул өзүнчө институт, бул өзүнчө конституциялык укуктар. Коалициянын башында мен турамбы, эртең бөлөгү турабы, бул өзгөрө турган нерсе. Ал эми өкмөт боюнча. Бүгүн ар бир депутаттын, фракциянын өз сунушун киргизүү боюнча толук конституциялык укугу бар. Отчетун кабыл албай койсо, ошондой эле альтернативалык мыйзамдарды, программаларды сунуштаса болот. Аларды бирөө колунан кармап, тыйып атабы? “Тарифтер көбөйөт” деп эле алдын ала элди козуткан болбойт да. Бул туура эмес. Айткан сөз менен жасаган иш төп келишсе, ошондо окшошот бир нерсеге. Өкмөттүн отчету турат, биздин “ал отчетту кабыл албай коюу, ишеним көрсөтпөө” деген укугубуз бар. Өкмөттү шайлагандан кийин алар туура эмес же начар иштесе, биз деле колдой бербейбиз. Колдоонун да өзүнүн чеги бар. Оппозиция берген курч суроолорду биз деле берип атабыз. Биз деле алардын ишинин натыйжалуулугу жогоруласын, реалдуу экономикада эффект болсун дейбиз.
-- “Эгер арабаны тарта албай калса, биз деле “өкмөт кетсин дейбиз” деп айтпадыңызбы, азыр арабаны тартып атат дейсизби?
-- Азырынча тартып атат. Ооба.
"Азия Ньюс" гезити