Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жеңиш Абидов: “Ошту саясый боёктун негизинде Сицилияга салыштыруу туура эмес”

Жеңиш Абидов: “Ошту саясый боёктун негизинде Сицилияга салыштыруу туура эмес”

28-май, 18:41
804 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Учур кырдаалына жараша Ош ОИИБнин начальниги менен азыноолак маектешип, учкай маалымат ала алдык.

-- Жеңиш мырза, министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов Оштон узун кортеждин коштоосунда жүргөнү сынга кабылды. Сиз Ош ОИИБнин жетекчиси катары эмне дейт элеңиз?

-- Мен Ош облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги катары айта турган болсом, “министрлер кабинетинин жетекчиси Ош облусунун аймагында болгону эки жолтандабас автоунаа менен эле кыдырып жүрдү. Чоң-Алай жана Кара-Суу райондорунун аймагында болгон иш сапары учурунда эки автоунаадан башка кортеждин курамында ашыкча автоунаа болгон эмес.

-- Адатта Ошту Сицилияга теңеген мүнөздөмөлөр арбын. Чын эле Ошто кылмыштуулук чегинен чыгып кеткенби?

-- “Ош облусунун аймагында кылмыштуулук колдон чыгып кеткен” деген пикирге кошула албайм. Мен Ош облустук ички иштер башкармалыгына жетекчи болгонго чейин деле Ош облусунун Кара-Суу районунун ички иштер бөлүмүнүн начальнигинин орун басары, Араван райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги кызматтарында иштеп келгем. Ар дайым кылмыштуулуктун абалы ички иштер бөлүмдөрүнүн көзөмөлүндө. Сиз айткан пикирлер айрым учурда жүз берген чуулгандуу окуяларга байланыштуу башкача саясый боёк берип жазылган маалыматтардан улам айтылып келет.

-- Сиз аз убакыт мурда Ош ОИИБ жетекчилигине бардыңыз. Кандай ийгиликтерге жетиштиңиз?

-- Мен бул кызматка келип эле чоң бир ийгиликти жараттым деп айта албайм. Бирок келгенден бери өлкө башчынын, ички иштер министрлигинин койгон талаптарын турмушка ашыруу боюнча иштер жүрүп жатат. Биринчи кезекте башкармалыктын жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо, өздүк курамга ыңгайлуу жумуш ордуна ар тараптуу  шарттарды түзүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын имараты 1983-жылы курулган боюнча капиталдык ремонттон өткөн эмес экен. Азыр бул имаратта толугу менен капиталдык ремонт иштери жүрүүдө. Алдыда аткара турган иштер арбын. Мисалы, кызматтык автоунаалардын дээрлик 90 пайызынын пайдалануу мөөнөттөрү өтүп, эскилиги жетип калган. Аларды жаңылоо маселелери турат. Бул багытта ички иштер министрлиги тарабынан жумуштар жүрүп жатат. Албетте, биринчи кезекте түздөн-түз милдетибиз болгон кылмыштуулук менен күрөшүүнү күчөтүү, катталган кылмыштардын бетин ачуу, козголгон кылмыштарды сотко жеткирүү, жарандардын арыз-даттанууларын канааттандыруу болуп саналат.

-- Ошто паракорчулук, коррупция, контрабанда чегинен чыгып атканы айтылууда. Сиз кандай чараларды көрүп атасыз? Же Бишкектен ыплас иштердин коргоочулары жолтоо боло беришеби?

-- Коррупция, паракорчулук деген нерсе – бул отоо чөптөй, бир жерин тазаласаң экинчи жеринен чыга берет экен. Бул багытта тынымсыз күрөш жүрүүдө. Мыйзамдын негизинде укук коргоо органдарынын катарына резервге кадр тандоо сынак аркылуу жүрө баштады. Кимдин билими, дене тарбиялык даярдыгы мыкты болсо, сынактын жеңүүчүсү катары кызматка алынат. Ушул аракеттер да коррупциянын жолун бууйт. Ал эми эл менен тыгыз иш алып барышкан кызматтардын арасындагы коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча тынымсыз түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Сиз айткандай, коррупция менен күрөшүүдө эч ким бизге тоскоолдук жарата албайт.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер