Карышкырга кыңшылаган дөбөттөр... Конгантиевдин сүрү ушундайбы?


2008-2010-жылдары ИИМди башкарган Молдомуса Конгантиев кыйын киши эй! Ошол доорунда кол астындагы бир катар кызматкерлерди жекелеп, музоо кездеринде сүзүп койгонун аңдап атабыз. Агездеги жаш жетекчилер учурда ИИМдин жогорку креслолорунда отурушат. Аларга карай Конгантиев маал-маалы менен “дубай салам” айттырып, эски кыялын көрсөтүп турат экен. Бакыйган полковниктер бүжүрөшүп, корккондорунан ортого киши да салышып, айрымдары "отметка” кылышып, айтор, айлалары кетип, алдыга түшүүнүн түркүн жолун жасап жүрүшөбү? Заарканып калышыптыр. Убагында Молдомуса Ташболотович көтөргөн балдардын дээрлик көбү ИИМдин бакыйган чиновниктерине айланышканы ырас. Кызыгы, карышкырды көргөн дөбөттөрдөй куйрук кыпчышып, кыңшылап жиберишкенин билесиңерби? Эмесе, МЕНТтер арасында ушундай икая айтылууда, убагы келгенде учугун чубайбыз...
"Азия Ньюс" гезити











