Бурулкан Карагулова, акын: “Мындай кайдыгерлик улана берсе, өлкөбүз Афганистанга айланат”

-- Бурулкан эже, улуттук идеологиябызды таба албай, ар кандай диний агымдардын басымында калган жокпузбу?
-- Басымында калып баратабыз. Жаштар катуу иштеп, шайлоолордо толук катышса ушундай болбойт болчу. Элдин түшүнүгү начар, “менсиз деле шайлоо өтөт” деген дүжүр сөздөрү бар. Мындай кайдыгерлик улана берсе, өлкөбүз Афганистанга айланат. Афганистандын өнүккөнүнө жаш кезибизде таңкалып, ошолорго карап түздөнөт элек. Тынбай теледен көрсөтчү, гезиттен окучубуз, анан эмне болду?.. Азыр кайдагы арабдарга, пактарга түздөнүп атабыз, б.а., V-VI кылымга баратабыз.
Мен 1992-жылдары биринчи жолу Өзүбек “далдыр” менен алышып баштаганда, “теңирчи” деп ат койгон. “Сен ж.сың, ж... ырларды жазасың” деген. Катуу күрөштүк. Анын тамыры улам өсө берди. Кийин “Чувик” деген пайда болду, аны пайгамбар кылып алышты. Калганы чууруп чыкты. Турсик Акүйгө мечит ачтырды. Мен жалгыз алым жеткен жок. 1990-жылдардын орто ченинде “Теңирчилик” деген китепти таратып жүрдүм, мени катардагы эле адамдар жек көрө баштады. Суук-селки көрүнүп калдым элге.
Эми азыр түшүнүп калышты көрүнөт, жаштар чыгып атат. Кудайга миң алкыш! Кандай кылсаңар да Кыргызстанды сактап калгыла!
"Азия Ньюс" гезити