Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Узарбек Жылкыбаев: “Сооронбай Шариповичке терең ыраазымын!”

Узарбек Жылкыбаев: “Сооронбай Шариповичке терең ыраазымын!”

15-август, 11:54
1 533 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Узарбек мырза, кызматтан кетүүңдүн бирден-бир себеби? 

-- Өз каалоом менен КР өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан кетүү тууралуу чечим кабыл алдым. Тагдырдын буйругу менен президент Сооронбай Шарипович Жээнбековдун колдоосунда алгач кичи мекеним Ысык-Көл облусунда, андан соң ордолуу Ош облусунда жалпысынан төрт жылга чукул аралыкта өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү кызматтарын аркалап, эмгектенип келдим. Ушундай жооптуу кызматты ишенип, демилгелериме ар тараптуу колдоо көрсөтүп, көмөктөшүп келе жаткандыгы үчүн өлкө жетекчилигине терең ыраазычылыгымды билдирем.

-- Ош облусунда эмне иштерди жүзөгө ашырууга үлгүрбөй калдың?

-- Ош облусундагы эмгек жолум эки жылдан ашык болду. Ушул убакыт аралыгында колумдан келишинче чын ниет менен элиме, анын ичинде өзгөчө Ош жергесине таза кызмат кылууга болгон аракетимди жумшадым. Бул арада тилеги, ниети бир адамдар менен сапарлаш болуп, бирге кызмат кылганыма сыймыктанам. Учурдан пайдаланып, жалпы облустун тургундарына, мамлекеттик органдардын облустук, райондук бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине, райондук мамлекеттик администрация башчылары – акимдер жана эмгек жамааттарына, жергиликтүү бийлик органдарынын башчыларына жана эмгек жамааттарына, ошондой эле ар кандай кырдаалда күнү-түнү мени менен чогуу болуп, бирге кызмат кылып келишкен өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына, орун басарларыма, аппарат жетекчиме жана башка баардык мага колдоо көрсөтүп келген санаалаштарыма, кесиптештериме терең ыраазычылыгымды билдирем! 

-- Кызмат кызматы менен, Ош эли эмнеси менен эсиңде калды жана парламенттик шайлоого баруу тууралуу оюңду уксак?

-- Ош элинин меймандостугу, мээнеткечтиги, ак пейили, жеринин асылдыгы, Ак-Буурасы, Сулайман тоосу ж.б. ыйык, кооз жерлери менин эсимде дайыма  сакталат. Уюткулуу жерден дос күттүм, тууган таптым. Ар бир күнүмдү ак ниет менен артылган ишенимди таза, так аткарууга аракет жасадым. Оштун элине таазим!

Мындан аркы саясый ишмердүүлүгүмдү бийликтин мыйзам чыгаруу бутагында улантууну туура көрүп, Жогорку Кеңештин күздө боло турган парламенттик шайлоосуна аттанууну чечтим. “Республика” партиясы менен кызматташуум уланат. Элибизде тынчтык, ынтымак, мамлекетибизде өнүгүү болсун!


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер