Акыркы кабарлар
» Саясат » Президенттин сунушу... Өмүрбек Текебаев чоң кызматка камданууда
Президенттин сунушу... Өмүрбек Текебаев чоң кызматка камданууда
05-август, 13:53
3 613 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Жер тыңшаар мамыт айтмакчы, жакшы жаңылыкты угуп, сүйүндүк. Өткөн аптада кыргыз саясатынын аксакалы Өмүрбек Текебаев өлкө башчысынын кызмат сунушун кабыл алыптыр. Биз муну туура көрдүк жана ийгилик каалайбыз. Ал отуз жылдан бери кыргыз мамлекетине эбегейсиз чоң кызмат аткарып келди. Ошого жараша өтө чоң жаңылышуулар да болду. Мунун баары тарых! Кезинде гезит бетинен далай сын айттык. Колдогон учурларыбыз да арбын эле... Бирок мыктыны “мыкты” деш керек. Текебаевге туура баа бере алган бийликке да алкыш! Бул инсандын потенциалын толук пайдалана алышыбыз милдет. Элге жакшы иштеп бериңиз, урматтуу Өмүрбек Чиркешович!
"Азия Ньюс" гезити