Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өмүрзак Төлөбеков: “Жаттама манасчылардан эмне кеңеш алмак элем?”

Өмүрзак Төлөбеков: “Жаттама манасчылардан эмне кеңеш алмак элем?”

22-октябрь, 12:27
976 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Манастын уулу Семетей тасмаңыз тартыла баштаганда эле талаш-тартыш, сын-пикирлер жаралды эле. Кандай кабыл алдыңыз?

-- Тасманы тарта баштаарда драма автору Жалил Садыковдун жубайы Сабира эже “пьеса чыкканда Жалилдин достору да душманга айланган” деген. Кино чыкпай атып уу-дуу түшүштү. Ушундай чабуулдардын алдын алып, 40 жылдан бери коюлуп, элге сиңген пьесага таянгам. “Манасчыларга кеңешсең болмок” дешти. Эмнени кеңешмекмин? Алар эпостун айрым бөлүмдөрүн жаттап айтышат. Биз эпоско, анан пьесага түз кайрылып атсак, манасчылардан эмне кеңеш алмак элек? Анүстүнө мындан эки жыл мурда Жаныш Кулманбетов "Манас" боюнча мультфильм тартмак болуп, 10 манасчы, "Манас" боюнча адисти кеңешке чакырса, ону он башка сүйлөшүп, ар кайсы жакка тартышып, оңдуу натыйжа болбогонун уккам. 

-- Соңку убакта сынчылар тынчып калгандай. Ишиңиз жүрүп атабы?..

-- Кино тартуу кызуу жүрүп атканда сын-пикирлерге кенен жооп берүүгө убакыт болгон жок. Ишке көмөктөшчү сынды угасың. Анан “кинону тарттырбаш керек”, “сырдуу күчтөр жазалайт”, “кыргызга кырсык апкелбесин” деп капкаяктагыны дөөрүшүп, анан айлалары кеткенде башка маанилүү жүйөлөрү түгөнүп, “орус ээр жүрөт” деп чыгышты. Бул сын эмес, көрүнөө душмандык. 

“Ит үрө берет, кербен жүрө берет” демекчи, тартып бүтүп, графика жумуштары жыйынтыкталып баратат. Кудай буюрса, октябрдын аягында чет өлкөлүк прокатчылар менен бир мезгилде көптөгөн өлкөлөрдө кинотеатрларда коюунун датасын аныктайбыз.

-- “Манастын уулу Семетейди тартууда кандай кемчиликтер болду? Өзүңүзгө, жааматка карата сын көз менен карай аласызбы?

-- Улуу чыгарманы киного айлантуу өтө оор жумуш болду. Сынчылар жетиштүү болмоктон ашып турду. Жамаат сын көз менен бири-бирибизге катуу талап коюп, кылымдык долбоорду мыкты орундоого кара жанды карч урдук.

-- Океандай чалкыган керемет эпосубуз бир тасмага кантип сыят болду экен?

-- Океандай көлөмдүү чыгарманы көпчүлүк толук окуп чыкпайт. Ошондуктан маанилүү, урунттуу учурларын чогултуп, кыскартып пьесага алып чыгышкан. Биз негизинен калкка сиңип, аалам аралаган пьеса вариантты экрандаштырдык. Буюрса, алдыда "Сейтек" турат... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер