Акыркы кабарлар
» Саясат » Келдибековдун тажрыйбасын пайдаланбай жатканыбыз – элибиздин чоң утулушу!
Келдибековдун тажрыйбасын пайдаланбай жатканыбыз – элибиздин чоң утулушу!
26-май, 12:00


Буга чейин Садыр Жапаров мамлекет үчүн иштеген кадрлардын тартыштыгын айтып, чоң көйгөй жаралганын жашырган эмес. “Инопланетянин” болсо да кызматка коё турганын билдирген. Күйгөндөй көрүндү. Эми космосту оозанбай эле арабызга көз чаптырып көрбөйлүбү?
Мисалы, Ахматбек Келдибековду эмнеге баалабай келебиз? Кандай гана жогорку кызмат болбосун татыктуу иштеп, мамлекеттин жүгүн көтөрүүгө даяр кадр. Күчтүү финансист, салык саясатын эң жакшы билет, экономиканы семичкедей чагат. Дагы мындан артык эмне керек? Өкмөттөн баштап кандай гана министрлик, же Бишкек мэри болобу, кайсы тармакты аркалабасын, жогорку деңгээлде ишенимди аткармак. Ахматбек Келдибековдун өмүр баянын, баскан жолун баяндап жазуунун кажети жок. Профессионал, күчтүү кадр экени жалпы интеллигенцияга маалым. Айрым “акылдуу чириктер” гана көрө алышпаса... Негизи каарманыбыздын башынан жакшылык-жамандык өтүп калды. Ал адилетсиз каралоонун айынан камакка алынып, түрмөгө да отуруп чыккан. Андагы президент Алмазбек Атамбаевге айланасы туура эмес маалымат беришип, келечектеги башкы атаандашты саясаттан сүрүп салгылары келишкен. Бирок, мезгил закымы тууралап койгондой, Ахматбек Келдибеков башка келген сыноонун баарын татыктуу түрдө жеңип, кыйынчылыктардан “сынган” жок. Учурда саясатка көп аралашпай, мамлекеттин өнүгүшүнө тоскоолдугун жаратпай, сырттан байкоо салып турат. Саясый рейтинги өсүп баратат. Көрөңгөсү толуп-ташып турган мындай кадрды мамлекет үчүн пайдаланбай жатканыбыз – кыргыз элинин чоң утулушун гана айгинелейт!"Азия Ньюс" гезити











