Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Рахат Жунушбаева бизнесмен Ли Химандын дээрлик байлыктарын тартып алганбы?

Рахат Жунушбаева бизнесмен Ли Химандын дээрлик байлыктарын тартып алганбы?

10-май, 00:52
7 630 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Аз күн мурун соцтармакта бүйүр кызыткан талкуу орун алды. Рахат Жунушбаевага мурдагы күйөөсү Ли Химан бизнесин тарттырып жибергенин жазып чыгып, кайра кайрып берүүсүн талап кылды. Дээрлик кымбат баалуу үй-мүлктөрүнөн, жер, компаниясынан ажырап калганын да кошумчалаган. Рахат Жунушбаева алдамчылык жолу менен ченебеген байлыктарга марып, бүгүн өзүн бизнес леди катары көрсөтүп жүрөбү? Бул боюнча “ак” же “карасын” талдоого алып, ачыктай турган мезгил келди го? Ли Химан Кыргызстанга инвестиция салган бизнесмен болсо, анан бүтүндөй байлыгын алдырып жиберсе, акыйкатка жетпей арызданып жүрсө, аягы кандай болот? Өлкөнүн имиджине да сөз тийип атпайбы! Анан калса, Рахат Жунушбаеванын ажо менен түшкөн сүрөтүн чыгарып алышып, чоң талкууну жаратышууда. Бул жерден Садыр Жапаровго да шек жаратып жатышат да. Мындай көрүнүшкө жол берилбеш керек эле. Кантебиз? Ток этерине келсек, Ли Химан менен Рахат Жунушбаеванын ортосундагы жаңжалды териштирип чыгып, чекит коюш керек. Антпесе инвесторду тоноп алгандай образ жаралып, ызы-чуунун уланып баратканы өкүнүчтүү эмеспи? Айтор, күч органдары тарабынан баа берилиши керек.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер