Улан Рысбеков: “Кашкар Жунушалиев кара тамга менен жазылса, Улан Ниязбеков эл оозуна алынды”
ИИМдин отставкадагы полковниги менен маек.
-- Улан иним, акыркы учурда мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жөнүндө негативдүү кептер көбөйдү. 2010-жылдагысы, андан беркилерин ошол эле ИИМде кызмат кылып жүргөндөр айтып түгөтө албай келишет. Сен Кашкар Жунушалиев менен иштешип калдың эле...
-- Чынын айтайын, бу киши жөнүндө китеп жазса дагы, жазбай койсо да болот. Кайсы жоруктарын айталы? “Жазбай да койсо болот” дегеним, жогорку билими жок, болгону эки жылдык милиция мектебин бүткөн адамга кагаз бетин коротуп китеп жазуу ысырапчылык го. Ал эми “жазса болот” дегеним, “жоруктары жолдо калсын” деген таризде. Кыргыз милициясынын кадырын, беделин аябай төмөн түшүргөн, тарыхка кара тамгалар менен кала тургандардын катарын толуктап, сап башына алып чыга турган ким бар? Мына ушу Кашкар Жунушалиевди сөөмөй менен кезей көрсөтсө жарашат! Алсак, 2010-жылкы элдик революцияда Бишкек шаарында коомдук тартипти көзөмөл кылуу жалгыз Кашкардын милдети болчу. Милдетин аткармак тургай, кайсы бир учурда шаар ичинен жок болуп кеткен. Кол алдындагы кызматкерлерге “колуңарга автомат алгыла, элди атасыңар” дегенде эч ким алган эмес, чыкпай да койгон. Канчалаган курсанттар өлдү, оор жарадар болушту. Мародерлукка дал ушу киши күнөөлүү, ушу кезге чейин суракка алынып, жооп бербей жүрөт.
Кечээги эле Кой-Таш окуясын алалы. Анын эң биринчи күнөөкөрү Кашкар Жунушалиев. Стратегия, тактика дегенден эч бир кабары жок. Дымагын карабайсызбы, 2-дүйнөлүк согушка даярдангандай даярданып алып, сабатсыз операция менен аяктаган... Мындайды ротанын командири артыгыраак кылмак. Негизи Кашкар Жунушалиевдин ишмердүүлүгү тууралуу 2012-жылы Жогорку Кеңеште коркпой-үркпөй айтып чыккам. Абдан катуу сындагам.
-- Бул адам анткен менен эки жолу ИИМди жетектеди да?
-- Кээде таңгалам, “кантип эки жолу министр болду?” деп. Аябай интриган, ызы-чуудан башы чыкпайт... Мына, азыркы министр Улан Ниязбековду алалы, эл оозуна алына турган мыкты иштерди жасап жатат. Министр деген ушундай болуш керек. Өздүк курамдагы тартип ойдогудай, эч бир интрига менен иши жок, министрликтин ишин алдыга жылдырууда. Кол алдындагы балдардын духун көтөрүп турат.
-- Эми 2020-жылга келели...
-- Ооба, мындан эки жыл мурдагы Октябрь окуясын Кашкар Жунушалиев уюштурган жана анын пландары ишке ашпай турганын өзү да билген. Себеби, кыргыз милициясында Кашкар Жунушалиевдин авторитети түк жок эле. Ошол эле Атамбаев жана Жээнбеков аны министр кылып койгону таптакыр түшүнүксүз бойдон калууда. Бирок, эртедир-кечтир Кашкар Жунушалиев өз жазасын алат!
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити