Адамдын жакшы жагын да көрө билиш керек


Чолпонбек Абыкеев кыргыз элине ат көтөргүс зор эмгек кылган. Эгерде Чолпонбек болбогондо, кыргыз элин бүткүл дүйнөлүк атак-даңкка жеткизе турган Орозбек Айтымбетовдун 5 томдон турган гунн, скиф, шумер, Америкадагы индеецтер, дүйнө эли суктанган арий (кыргыздын эр, эрен деген сөзү – О.А), Адил баатыр, Атилла байыркы кыргыздар экендигин тарыхый фактылар жана археологиялык буюм, табылгалар менен аттын кашкасындай далилдеп жазып кеткен "Кара Кыргыз" тарыхы китеп болуп чыкпайт болчу. Башкача айтканда, асыл эмгектин барактары ар кайсы жерде чачылып жок болмок. Анткени, 2014-жылы Орозбек Айтымбетов өзү да дүйнөдөн өтүп кеткен.
“Көрөңгүсү тайыз, сабатсыз Чолпонбек Абыкеев бийликке көлөкө түшүрүп келет” (“Азия Ньюс”, 26-январь, 2023-жыл) аттуу макаладагы (“Сыңар сап”) респонденттер Аскар Бакеев, Токтайым Үмөталиева, Ахунбай Кошоев, Орозбек Алымжанов, Өмүрбек Төлөбековдордун гунн, скифтин кимдер экендиги жөнүндө ийненин көзүндөй түшүнүктөрү барбы? Жок да! Аны мындай кой, китептин "Кара Кыргыз" деп аталышынын маанисин билишеби? Билишпейт! “Эмне үчүн "Кара Кыргыз" деп аталган?” деп сурасаң, “кишинин өңү-түсү” деп айтышат. Өздөрү кыргыз болуп туруп, "кара" деген сөздүн мааниси "чоң", "улуу" экендигин билбей, көрөңгөсү тайыз, сабатсыздыгын ашкерелеп жатышат жогорудагы аты аталган адамдар.
Караңызчы, байыркы заманда кыргыздар “Кара Кыргыз” же “Улуу Кыргыз” деп аталган. “Кара” деген сөздүн маанисин карачай-балкардын дүйнөгө белгилүү тарыхчысы Мизиев Исмаил Мусаевич “слово “кара” означает большой, великий” деп жазган "Ас-Алан" журналына.
Жогорудагы Чолпонбекке сын таккандарга "сынчынын сыңар өтүгү майрык" же "өзүнүн башындагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөптү көрөт" деген кыргыз сөзү абдан дал келет. Чолпонбек Абыкеевге куну чексиз, Кумтөрдүн алтынынан жүз эсе кымбат баалуу эмгекти сактап калганы үчүн "Кыргыз Эл Баатыры" наамын бериш керек!











