Коррупцияга айыпталышкан Самаков менен Сулаймановдун мураскерлери издешпей табышыптыр
Тагдырдын тамашасын кара! Кечээ эле коррупцияга айыпталышкан Карганбек Самаков менен Нурлан Сулаймановдун балдары “Адилет” партиясын түзүшүп, Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосун мелжеп калышыптыр. Эрксизден жылмаясың да. Буларга деги айла калдыбы? Кубанычбек Самаков менен Элдар Сулайманов парламент депутаттары катары кыйратып салышкансып, көрүнгөн жерге мурундарын тыга беришеби? Экөөнүн тең атасы эл ырысыкысын жегенге шек саналышып, каарга калышпады беле? “Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат” дейт эмеспи. Эми убакыттын ыргагына жараша мураскерлери алдым-жуттумдукка өтүштүбү? Жогорку Кеңештеги мандаттарына алымсынышпай, өз ара уюшуп, Бишкек шаардык кеңешин басып жыгылуу үчүн жандалбаска түшө башташты. Моралдык жагын ойлошпойт экен да. Нысап, токпейилдикти билбеген мындайларды кантип токтотобуз? Булар үй-бүлөсү менен кызмат, байлык артынан үзүлө түшө чуркай беришип, бийликке да кедерин тийгизген кербездери. Же сөзсүз эле Камчыбек Ташиевдин токмогу керекпи?..
"Азия Ньюс" гезити