Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Манас Осмон, журналист: “Бийлик тышкы күчтөрдү тыйып, аларга кызмат кылган басма сөздөрүн жаап салсын!”

Манас Осмон, журналист: “Бийлик тышкы күчтөрдү тыйып, аларга кызмат кылган басма сөздөрүн жаап салсын!”

21-октябрь, 13:58
828 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Президент Садыр Жапаровдун россиялык журналистке “Батыш мамлекеттери Россияга байланыштуу көрсөтмө бербеши керек деген маанидеги жообу чоң талкуу жараттыСиз кандай дейсиз?

-- Анткени, мындан мурда эч бир кыргыз саясатчысы Батыш өлкөлөрүнө каяша айталган эмес. Мурда кайсы бир саясый окуяларда тышкы өлкөлөрдүн таасири болуп келген. Маселен, Акаев, Бакиев деле кайсы өлкөлөр өздөрүн төңкөргөнүн айтып жүрүшпөйбү. Мисалы, АКШда төңкөрүш болбойт, анткени, ал жерде АКШнын элчилиги жана радиосу жок деген сөздөр айтылып калат. Садыр Жапаров туура айтты, биз Борбор Азиянын маанилүү өлкөсүбүз. Азыр кадырыбыз көтөрүлдү. Бийлик тышкы күчтөрдү тыйып, аларга кызмат кылган басма сөздөрүн да биротоло жаап салышы керек.

-- Кыргызстандын тышкы саясатта көп векторлуу саясат жүргүзгөнү колдоого татыйбы? 

-- Кыргызстандын тышкы саясаты туура эле жолдо баратат. Бирок, айрым тууган өлкөлөр ички ишибизге кийлигишип жаткан окуялар жок эмес. Биздин кээ бир жарандардын көз карашы аларга жакпайт имиш.


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер