Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Сакал” менен Камчы Көлбаевди кагыштырганы жатышабы?

“Сакал” менен Камчы Көлбаевди кагыштырганы жатышабы?

25-август, 13:37
677 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

№24 Нарын түрмөсүндө жаткан “Сакал” каймана атындагы Улан Токтосуновду Бишкектеги №21 (СИЗО-1ге) которуп жатышканын адвокат Бактыбек Жумашев айтып чыкты. Мындай аракет кооптуу экенин баса белгилеп, “Дөө Чыңгыздын” кейиштүү тагдыры кайталанып калышы ыктымалдыгын билдирген. У.Токтосунов бир топ жыл мурда эле Түркиядан өз эрки менен келип, колго түшүп бергенин, 17 жылга жаза мөөнөтүн алганын да кошумчалаган. Аныгында, адвокат өлкө жетекчилигине, күч органдарынын башчыларына тынчсыздануу менен кайрылып отурат. Бийлик билермандары көңүл буруп, түрмөдөгү кырдаалдын тынч болуусуна шарт түзөбү? Же мындай араткеттин артында атайын кызыкчылык барбы?

Эске салсак, Улан Токтосунов “Мыйзамдагы ууру” катары белгилүү. Ал эми каршылашы – Камчы Көлбаев. Булар элдешкис душмандар катары сыпатталып келет. Ошон үчүн Атамбаев бийлиги “Сакалды” Нарын түрмөсүнө которгон. Себеби, жабык жайдын өз алдынча жазылбаган мыйзамдары, түшүнүктөрү бар. Дээрлик түрмөлөрдүн баары Камчы Көлбаевге баш ийгени, анын карамагында турганы ырас. Мындай шартта “Сакал” алар менен батыша албайт, кылчайнашкан каршылашуулар орун алары болжонуп келет. Бул боюнча кечээ ЖАМКнын астында нааразычылык акциясы да өттү. У.Токтосуновдун өмүрүнө коркунуч келип атканын апасы, жакындары айтышып, коопсуздугун камсыздоо үчүн Садыр Жапаровго, Камчыбек Ташиевге кайрылышты.

Жыйынтыгында, кандай жагдайды күтөбүз? Учурда жабык жайлардын туруктуу, чыр-чатаксыз болгону мамлекет үчүн пайдалуу. Ансыз да саясый кырдаал козголчудай түс берип, коомчулукта ар кандай коңгуроолор кагылууда. 

Ошентип, кечээ кечинде “Сакалды” Бишкектеги СИЗОго алып келишти... 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер