Бакиевдердин жакындары келишти, Садыркуловду өлтүргөндөр дагыбы?..
Кыргызстан күтүүсүз окуяларга, түрдүү жаңылыктарга бай өлкө эмеспи. Соңку убактарда саясый элитаны кооптондурган, карапайым элдин кыжырын кайнаткан кабарлар четинен чыга баштады. Өтө сенсациялуу көрүнүштөргө күбөлөнсөк, аягы эмне менен бүтөрүн элестетүү кыйын. Эмесе, ырааттуу кеп салалы.
Жакында Жаныш Бакиевдин экинчи аялы Кыргызстанга келип, курбулары менен чоёктошо сүрөткө түшүп, коомчулукта талкуу жараткан. 2005-2010-жылдардагы кандуу көз ирмемдер элестеп, дене дүркүрөп кеткен эле...
Ал эми президенттик шайлоодон кийин Курманбек Бакиевдин жардамчылары, жакын кадрлары өлкөбүзгө башбагып, четинен кирип келишкени тар чөйрөгө дүрбөлөң салды. Маселен, 2010-жылы Апрель төңкөрүшүнөн соң оор кылмыш иштери козголуп, издөөгө алынышкан Айбек Алыбаев, Равшан Жамгырчиев, Назым Зарипов (Максимдин бизнес тейлөөчүсү) сыяктуу шектүү адамдардын арабызда пайда болушканын кандайча чечмелейбиз? Бакиевдердин колтугунда жүрүшкөн шектүүлөр шашылыш түрдө келе башташканы эмнеден кабар берет? “Оозуңарды ачып отура бергиле” дешип, ревашисттер баш көтөрүшүп, баягы эски жайыттарын ээлөө менен элибизге бүлүк салып жиберишпейби? Жакын жандоочтору келишкенден кийин Курманбек, Жаныш, Максимдер жулунушуп, кызыл кыргын чыгып кетпейби? Айтор, үрөй учурган суроолор арбын.
Ошол эле кезде Медет Садыркуловду кыйнап өлтүрүп, өрттөп жибергендер да өлкөбүзгө келгени айтылууда. Албетте, бул боюнча укук коргоо органдары билдирүү кылышы зарыл. Тегин жерден кеп чыкпайт эле да, туурабы?
Кыскасы, Бакиевдердин кандуу режиминде жүзгө жакын буюртма адам өлтүрүүлөр болгону, 7-апрелде 87 бала окко учуп, оор жаракатка жүздөгөн адамдар кабылышкан. Баары эсибизде, унутпайбыз!
"Азия Ньюс" гезити