Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Коррупцияга шектелген Эмилбек Абдыкадыров качанкыга чейин көз будамайлайт?

Коррупцияга шектелген Эмилбек Абдыкадыров качанкыга чейин көз будамайлайт?

22-ноябрь, 13:25
1 634 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

2007-жылы “Ак жол”, 2010-жылы “Ак шумкар”, 2015-жылы “Республика – Ата Журт”, 2020-жылы “Мекенчил” партиялары менен шайлоого катышып, бирок, жыргатып добуш алып бере албай, же өзүнүн ордун таппай, улам журт которуп, саясатта туруксуз Эмилбек Абдыкадыров деген эргул бар. Ал “30 жыл мамлекеттик кызматта иштегем” деп айтып жүрөт. “Же саясатчы болбосо, эмнеге депутат болом деп жулунуп жатат?” дебейсизби. Себеби, Аскар Акаевдин убагында Бишкек шаарынын вице-мэри болуп турганда далай жерлерди, имараттарды менчиктештирип, мыйзамсыз байыган чиновник эмес беле? Бул боюнча 2006-жылы кылмыш иштери козголгону эсибизде. Кандай жол менен кутулуп кеткенин өзү жакшы билет... 

Учурда Эмилбек Абдыкадыров №21 Талас шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуп, оозунан ак көбүгүн чыгарып аткан маалы. Артына бир кылчайса, өзү деле уялып кетсе керек.

Байкалып тургандай, байлыктарын коргоп, сакташ үчүн парламентке барууга белсенип, эки көзү төрт. Ал мурдагы шайлоолордо штабда агитатор болуп иштегендерге айлык бербей, элдин акысын жеп жүргөнүн Анарбаев Асылбек (Умар) “Маалымат кж” сайтына жазып чыккан. Эми болсо Эмилбек Абдыкадыров “Талас жергесине 20 (жыйырма) миллион сомдун тегерегинде жардам бергем” деп жарыя кылды. Ушинтип эле элди алдай берсе болобу? Ошол оозун толтуруп айтып жаткан акчаны ал качан, кайсы айыл өкмөтүнө берген? Бала бакча салып бердиби, трансформатор орноттубу, жол оңдодубу? Так айтсын, болбосо, элди алдаган анын кургак сөзүнүн кимге кереги бар?

 Ал үгүт жүргүзүү учурунда административдик ресурсту колдонгону үчүн Кууганды айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Молдокулов иштен алынды. Эми “байлыгына чиренип, акча таратат” деген имиштер желдей тарады...

 Эмилбек Абдыкадыров “Ат-Башыга кытайларды алып келем, логистика борборун курат элем” деп үч-төрт жылдан бери чуркап жүрөт. Бирок, Ат-Башынын эли анын сөзүнө ишенбей, киргизбей койгон. Пайгамбар жашына келгенче элине, жерине кызмат кыла албаган, жеке өзү үчүн иштеп, кара курсагынан башканы ойлобогон Эмилбек Абдыкадыров жетимишке чыкканда эмне кылып бермек эле? 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер