Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Планета дартка чалдыкты, адамдар күнөөлүү...

Планета дартка чалдыкты, адамдар күнөөлүү...

07-декабрь, 12:20
1 677 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Биздин Жер планетасы – аны мекендеген адамзаттын космостук үйү болуп саналат. Жүздөгөн миллион жылдар бою өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн баардык формалары, анын ичинде адамдар да андагы жашоо шарттарына ыңгайлашып келишкен. Планетанын абалы жана андагы тиричиликтин баардык түрлөрү гармониялуу жандуу бүтүндүк менен байланышкан. Талаалар, токойлор, деңиздер, дарыялар, тоолор жана жердин түбү Жер бетинде жашаган баардык нерселердин эволюциясына ыңгайлашкан. Адамзат өнүгүүнүн ушундай стадиясына жетип, жер бакчасын көрктөндүрүүгө көз каранды. Өзү жашаган жалгыз космостук үйү үчүн кам көрүүсү маанилүү. Аны жасалгалоо жана өркүндөтүү боюнча адамзат ага болгон дээрлик чараларды көрүшү керек эле. Бирок аны талкалап, планетанын түпкүрлөрүн тоноп, токойлорду кыйратып, дарыяларды жана деңиздерди булгап, ууландырып, кооздуктарын бузуп жатышат. Жаратылыш, өсүмдүктөрдү жана баардык жандыктарды уулуу газдар менен муунтуп, келечекте кандай коркунучтар күтүп турганын ойлонушкан жок. Эгерде планетанын өндүргүч күчтөрү ушинтип азая берсе, анда адамдар кантип жашай алат? Жаныбарларга да, өсүмдүктөргө да ырайымсыздык чоң. Топурак эрозиясы коркунучтуу масштабга жетти. Кургакчылык жана кумдуу бороондор кеңири аймактарга таасирин тийгизүүдө. Климаттын балансы түп-тамырынан бери бузулган. 

Күчтүү энергия менен жабдылган адамзаттын психикалык абалы планетанын абалында массалык түрдө жапа чеккен тең салмаксыздыкка жеткирет. Жер каргашалуу түрдө өз денесинин баардык функцияларынын толук бузулушуна баратат. Ал эми планетанын бул оорусуна адамдар жооптуу. Жалпы планеталык сабатсыздык бул кыйроону көрбөйт жана түшүнбөйт. Элдердин мамилелериндеги ырайымсыздык, жек көрүүчүлүк жана ачкөздүк массалык кыргын салуучу куралдын жаңы коркунучтуу түрлөрүн жаратууда. 

 Тынчтыкта жанаша жашоого чакырыктар өз максатына жетпейт. Ал эми бул арада адамзат көп мүмкүнчүлүктөрдү жаратууга жана тынчтык кызматташууга багытталса, ааламдын мыйзамдарын түшүнүү – планетанын баардык элдери үчүн бактылуу жашоону түзө алмак.


 Кыргызчалаган Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер