Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Атамбаев ден соолугун чыңдап алып, кайрадан саясатка кайтып келиши мүмкүн

Атамбаев ден соолугун чыңдап алып, кайрадан саясатка кайтып келиши мүмкүн

29-август, 23:56
665 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Испанияда дарыланып жаткан Алмазбек Атамбаевдин саясатка аралашпай турганын, ден соолугу менен алектенерин “Социал-демократтар” партиясынан Темирлан Султанбеков билдирди. Кызыгы, айыгып алган соң эмне кыларын айткан жок. Биздин баамыбызда, Атамбаев тынч жатпайт. Ал өмүр бою бийлик менен күрөшүп келген. Акаев, Бакиев режимдерин эске алалы. Кийин Соке сатып кеткенден кийин да каршылык көрсөтүүгө батынган. Чоң чатактардын “дирижёру” катары таанымал. Орто жерден үч жарым жыл түрмөдө отуруп, саламаттыгы кескин түрдө начарлап кеткен. Асыресе, ички духу күчтүү адам баарын жеңет эмеспи. Ден соолугун чыңдап алса, кайрадан саясый аренада жылдызга айланып, бийликти сындап, рейтингин көтөрүшү мүмкүн. Сүрөгөнгө татыктуу лидер таба алабы? Же “сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет” болуп, алдыга өзү кадам таштайбы? Айтор, Атамбаевдин саясый сахнага кайтып келишинен шек санабайбыз. Күтүүсүз кадамдарга “уста” да, абай сала туралы... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер