Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Апрель баатырлары кечиргиле, Ардактап эскере албай олтурабыз

Апрель баатырлары кечиргиле, Ардактап эскере албай олтурабыз

07-апрель, 11:18
1 454 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бүгүн 87 уулубуздун башын жуткан 7-апрель окуясы болгонуна 10 жыл толду. Белгилүү акын эжебиз Гүлжамила Шакирова Апрель баатырларына арнап, төмөндөгүдөй ыр жазган. “7-апрелдеги Апрель баатырларына таазим кылып, чоң салтанат кылабыз го” деп ойлодук эле, бирок биз ойлогондой болбой калды. Ошон үчүн мурда да шейит кеткен баатырларга арнап ыр жазгам. Ушул жолу да алардын элесине арнап, “Кечиргиле Апрель баатырлары” деп ушул ырымды жаздым".

Өлкөгө адилеттик издеп жүрүп, 

Өмүрдү жакшы ойлорго түздөп жүрүп, 

Өрт жаштар, "оңолтобуз жашоону" деп,

Түбөлүк жай таптыңар, биз деп жүрүп. 

Анда да жаз жадырап жайган таңын, 

Акүйдө барын билбей айбандарын. 

Соо жерден согуш ачып бийлик тарап, 

Соолдуңар сексен жети кайрандарым!

Кейитет, кеткениңер кабырганы,

Калп болду келген бийлик, ак урганы. 

Арадан он жыл минтип өтсө дагы

Адилет, Элдик бийлик табылбады.

Дагы эле курган элим куруп жатат,

Бийликтер өз билгенин кылып жатат. 

Башка элге баш урушкан жандар чыгып,

Жараткан так төбөдөн уруп жатат.

Ошентип кесепеттер оору апкелип,

Кайырчыдай ар кимге кол сунабыз. 

Апрель баатырлары кечиргиле, 

Ардактап эскере албай олтурабыз. 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер